Кыргызстан Сейшел аралдары менен визасыз режим киргизүүнү карап жатат
Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Сейшель Аралдары жана Тоголез республикалары менен түзүлгөн эл аралык келишимдерди ратификациялоо боюнча үч мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, колдоого алышты.
ЖКтин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Сейшель Аралдарынын ортосунда кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жоюу жөнүндө макулдашуу 2026-жылдын 11-майында Бишкек шаарында түзүлгөн. Ага ылайык, эки өлкөнүн жарандары бир сапарында 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. Мында календардык жыл ичиндеги жалпы жүрүү мөөнөтү 90 күндөн ашпоого тийиш.
Бул чара эки өлкөнүн жарандарынын өз ара каттамдарын жеңилдетүүгө жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.
Комитет ошондой эле Кыргызстан менен Тоголез Республикасынын ортосунда дипломатиялык, расмий жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну карады.
2026-жылдын 29-апрелинде Бишкекте кол коюлган документке ылайык, тиешелүү паспорттордун ээлерине 180 күндүн ичинде 90 күнгө чейин визасыз жүрүүгө уруксат берүү каралган.
Мындан тышкары, Кыргызстан менен Тоголез Республикасынын ортосунда инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо маселеси каралды. Бул документ чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга укуктук негиз түзүүгө, инвесторлордун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле инвестициялык ишмердүүлүктөгү тобокелдиктерди азайтууга багытталган.
Үч мыйзам долбоору тең комитетте биринчи окууда колдоо тапты. Бул макулдашуулар боюнча акыркы чечимди Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорлорун андан ары кароонун жүрүшүндө кабыл алат.