Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары талкууланды
Кыргызстандын Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Кайрат Маматов Швейцария Конфедерациясынын Женева шаарында өткөн Бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча эксперттердин өкмөттөр аралык жумушчу тобунун (ISAR) 43-сессиясына катышты.
Аталган мекеменин маалыматына караганда, үч күнгө созулган жыйындын жүрүшүндө финансылык отчеттуулукту өркүндөтүү, туруктуу өнүгүү боюнча маалыматтарды ачыкка чыгаруу, чакан жана орто ишканалардын бухгалтердик эсеп жүргүзүүдөгү муктаждыктары тууралуу талкууланды.
ISARдын 43-сессиясында Кайрат Маматов «Корпоративдик финансылык отчеттуулукту жана туруктуу өнүгүү боюнча отчеттуулукту өнүктүрүү» темасында баяндама жасады. Баяндамада корпоративдик финансылык маалыматты даярдоо жана ачыкка чыгаруу ыкмаларын өркүндөтүү, ошондой эле туруктуу өнүгүү жаатындагы отчеттуулукту өнүктүрүү маселелери козголду.
Иш-чара БУУнун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (ЮНКТАД) алкагында уюштурулду.