Япониялык JETRO Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар

Япониялык JETRO Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар

Минкаб төрагасы Акылбек Жапаров Япониянын тышкы соода уюму (Japan External Trade Organization, JETRO)  менен жолукту. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулашты.

«КР инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча реалдуу практикалык кадамдар жасалууда. Жакында болуп өткөн Борбордук Азия IT-форуму географиялык масштабы жагынан, жетишкендиктердин мааниси жана IT-тармагындагы кызматташуу үчүн көтөрүлгөн темалар боюнча дагы маанилүү болуп калды. Биздин эшигибиз ички жана тышкы инвесторлор үчүн ачык», – деди Жапаров.

Өз кезегинде JETRO компаниясынын департаментинин директору Томохиро Цутия белгилегендей, 2022-жылдын 28-30-ноябрында Японияга болгон жумуш сапарынын алкагында минкаб төрагасы менен болгон жолугушуудан кийин, КР инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү япон компанияларына сунушталган.

«Япон компанияларынын КР болгон кызыгуусу өсүүдө. Эми бул кызыкчылыкты эки тарапты тең кызыктырган конкреттүү сунуштар менен толтуруу керек», – деп жыйынтыктады Цутия.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

4-июлда Нарын шаарынын аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, саат 16:40 чамасында катуу шамалдан улам Ала-Мышык тоосундагы "О" уюлдук операторунун бир радиорелейдик антеннасы кулаган. Анын кесепетинен "О" уюлдук операторунун байланыш түйүнү үзгүлтүккө учурап,

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев “Жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында А.Масалиев көчөсүндөгү эскилиги жеткен магистралдык жылуулук куурларын жаңылоо маселеси талкууланды. Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан ТК-16 жылуулук камерасына чейинки узундугу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына жумуш сапары менен барат. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, А.Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрөт. Андан сырткары,  “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA