Каракол мэриясынын балансына 13.7 млн сомду түзгөн жер тилкеси өткөрүлдү

Каракол мэриясынын балансына 13.7 млн сомду түзгөн жер тилкеси өткөрүлдү

Каракол мэриясынын балансына 13.7 млн сомду түзгөн жер тилкеси өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Такталгандай, Каракол шаардык сотунун 2015-жылдагы чечими менен Кашка-Суу кичи районунда жайгашкан 43 чарчы метр жер тилкеси Т.В.М. аттуу шаар тургунунун менчиги катары таанылып, «Кадастр» мекемеси тарабынан мамлекеттик актысы берилгендиги аныкталган.

«Шаардык прокуратура 2021-жылы аталган соттун чечимине карата сотко аппеляциялык сунуш келтирип, кароонун жыйынтыгында толук канааттандырылган жана аталган жарандын менчик укугу жокко чыгарылган», – деп белгиледи мекеме.

Базар баасы 13.7 млн сомду түзгөн жер тилкесин мамлекеттин балансына кайтаруу максатында Каракол шаардык прокуратурасы тарабынан шаар мэринин наамына прокурордук талап келтирилип, натыйжада 43 чарчы метр жер тилкеси шаардык мэриянын муниципалдык менчигине өткөрүлдү. 

Мындан тышкары окуңуз

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

4-июлда Нарын шаарынын аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, саат 16:40 чамасында катуу шамалдан улам Ала-Мышык тоосундагы "О" уюлдук операторунун бир радиорелейдик антеннасы кулаган. Анын кесепетинен "О" уюлдук операторунун байланыш түйүнү үзгүлтүккө учурап,

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев “Жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында А.Масалиев көчөсүндөгү эскилиги жеткен магистралдык жылуулук куурларын жаңылоо маселеси талкууланды. Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан ТК-16 жылуулук камерасына чейинки узундугу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына жумуш сапары менен барат. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, А.Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрөт. Андан сырткары,  “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA