Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт
15-октябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин айрым аймактарда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Суу өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта болот:
Балтагулов - Юдахин - Алтымышев - Бакаев - Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн батыш тарабы.
Маалыматка ылайык, диаметри 300 мм болгон суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.
Суу турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга жана башка социалдык, өнөр жай объектилерине берилбейт.
Ишкана ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт. Пландуу өчүрүүлөр тууралуу "Менин шаарым" тиркемесинен кабар алса болот.