Минкаб өкүлдөрү Кореянын мурдагы элчиси менен жолугушту

Минкаб өкүлдөрү Кореянын мурдагы элчиси менен жолугушту

Минкаб төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Корея Республикасынын мурдагы элчиси, Чечхон шаарынын азыркы мэри Ким Чанг Гю жетектеген кореялык делегация менен жолукту. Бул тууралуу минкаб маалымат кызматы билдирди.

Байсалов Чечхон жана Талас шаарларынын ортосунда кызматташтыкты түзүү боюнча келишимге кол коюлганын кубаттап, бул жаңы достук көпүрөсү болуп КР менен Корея Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоодо маанилүү роль ойнойт деген ишенимин билдирди. 

«Корея Республикасы КР Азия-Тынч океан аймагындагы негизги өнөктөштөрүнүн бири. Муну эске алуу менен биз Корея Республикасы менен достук мамилелерге жана кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң маани беребиз», – деди Эдил Байсалов куттуктоо сөзүндө. 

Ал ошондой эле Ким Чанг Гю мырзанын Кыргыз Республикасындагы элчиси болуп турганда шайлоо процессин заманбап технологиялар менен камсыз кылуудагы өзгөчө ишин белгиледи.

Чечхон шаарынын мэри Ким Чанг Гю кыргыз-корея кызматташтыгы ар түрдүү тармактарда динамикалуу өнүгөт деген ишенимин билдирди.

«Корея Республикасы экономиканын автомобиль өнөр жайы, роботторду, станокторду жана эң заманбап өнөр жай жабдууларын чыгаруу, IT-чечимдерди чыгаруу сыяктуу экономика тармактарын өнүктүрүү жана чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чоң жана уникалдуу тажрыйба топтогон. Биз өз тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо үчүн зарыл чараларды көрүүгө даярбыз», – деди Ким Чанг Гю.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

15-октябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин айрым аймактарда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Суу өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта болот: Балтагулов - Юдахин - Алтымышев - Бакаев - Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн батыш тарабы. Маалыматка ылайык, диаметри 300 мм болгон суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Суу

Ишкер Media
Бишкектеги №91 мектептин жаңы корпусунун курулушу аяктады

Бишкектеги №91 мектептин жаңы корпусунун курулушу аяктады

Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталган Бишкек шаарынынясно Кара-Жыгач конушундагы №91 мектептин 750 орундуу жаңы корпусунун курулушуу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу КРнын Курулуш министрлигинен кабарлашты. Жалпы аянты 8 234 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу имаратта окуу класстары, лабораториялык, компьютердик, эмгек жана музыка кабинеттер, медициналык кабинет, китепкана, ашкана,

Ишкер Media
Үч алмашуу бюросунун лицензиясы токтотулду

Үч алмашуу бюросунун лицензиясы токтотулду

Мыйзам бузган алмашуу бюролоруна чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын актыларын бузган. Убактылуу лицензиясы токтотулган бюролор: 10-октябрдан 24-октябрга чейин: • "БТК Групп" ЖЧК - Бишкек, Шопоков 91, L-54 кеңсе. Лицензия №7127 (30.09.2025) • "Ийгилик Али&

Ишкер Media
Өлкөдөн сырткары жүргөн мигранттар өз мекенинде пенсиясын топтой алышат

Өлкөдөн сырткары жүргөн мигранттар өз мекенинде пенсиясын топтой алышат

Чет өлкөдө жүргөн мекендештер азыр келечеги үчүн расмий жана эч кандай көйгөйсүз кам көрө алышат. Алар үчүн өлкөдөн сырткары жүрүп деле ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрүн аралыктан төлөөнүн ыңгайлуу санариптик механизмдери ишке киргизилген. Бул тууралуу Социалдык фонддон кабарлашты. Билдирүүгө караганда, мигранттар үчүн жаңы өзгөрүүлөр кийинки шарттарда ишке ашырылат:  • Аралыктан каттоо: “ТҮНДҮК” мобилдик

Ишкер Media