Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды
Ош шаарынын Ишкаван айылында жаңы мектептин курулушу 85%га бүткөрүлдү. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, сметалык наркы 640 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, мектеп үч кабаттуу болуп, жалпы аянты 5613 чарчы метр. Имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн да шарттар каралган.
Ичинде заманбап окуу класстары, лабораториялар, ашкана, китепкана, 300 орундуу амфитеатр-зал, лифт жана 120 орундуу спорт зал болот.
Учурда ички жасалгалоо иштери аяктап, сырткы фасадын жасалгалоо уланууда.
Мектеп ишке кирсе 1,5 миңге жакын окуучу билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.