Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды
КРнын Улуттук банкы мыйзам талаптарын жана ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн бир төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салды. Айып пул төлөм уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары бузулгандыгы үчүн салынган.
Мекеме кайсы уюмга айып пул салынганы жана мыйзамдын кайсы талаптары бузулганы тууралуу тактаган жок. Учурда Улуттук банктын лицензиялар реестринде 57 төлөм уюму катталган. Алардын бардыгы Бишкек шаарында жайгашкан.