Студенттердин стипендиялары көбөйөт
Президент Садыр Жапаров студенттердин стипендияларынын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлыкта 2027-жылдын 1-сентябрынан тартып кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын билим алуучуларына, ошондой эле жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүп жаткан адамдарга төлөнүүчү стипендиялардын өлчөмдөрү жогорулатылсын.
Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028-2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул жарлыкты ишке ашырууга зарыл болгон бюджеттик каражаттарды карасын.
Президенттин 2005-жылдын 19-январындагы № 20 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баштапкы, орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттеринин жана окуучуларынын стипендиясынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
Бул жарлыктын аткарылышын контролдоо президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.