Кыргызстандарт «EXPO EURASIA – KYRGYZSTAN 2023» Эл аралык көргөзмөсүнө катышышты

Кыргызстандарт «EXPO EURASIA – KYRGYZSTAN 2023» Эл аралык көргөзмөсүнө катышышты

Кыргызстандарттын ата мекендик ишканалар менен болгон иш-аракеттери тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу максатында 2023-жылдын 29-31-мартында Кыргызстандарттын өкүлдөрү «EXPO EURASIA — KYRGYZSTAN 2023» Эл аралык универсалдуу өнөр жай көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Көргөзмө жогорку сапаттагы ата мекендик жана чет элдик продукцияларды жана кызматтарды ички жана тышкы рынокто жылдыруу, ишканалар менен Евразия өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык, илимий-техникалык, маданий өз ара байланышты өнүктүрүү максатында өткөрүлүүдө.

Көргөзмөнүн тематикасы:

  • кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай продукциялары;
  • энергетика;
  • эмерек;
  • бал жана бал азыктары;
  • сүт азыктары;
  • транспорт жана логистика;
  • банктар жана камсыздандыруу компаниялары;
  • айыл чарба техникасы.

Мындан тышкары окуңуз

Суусамырда мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Суусамырда мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй башкармалыгынын инспекторлору Суусамыр өрөөнүндө рейд учурунда балыкты урук чачуу мезгилинде мыйзамсыз уулоо фактысын аныктады. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, 20 000 сом айып пул салынды. Мындан тышкары суу ресурстарына келтирилген зыян үчүн 2 020 сом доо

Ишкер Media
Студенттердин стипендиялары көбөйөт

Студенттердин стипендиялары көбөйөт

Президент Садыр Жапаров студенттердин стипендияларынын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлыкта 2027-жылдын 1-сентябрынан тартып кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын билим алуучуларына, ошондой эле жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүп жаткан адамдарга төлөнүүчү стипендиялардын өлчөмдөрү жогорулатылсын. Кыргыз Республикасынын 2027-

Ишкер Media
Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

КРнын Улуттук банкы мыйзам талаптарын жана ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн бир төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салды. Айып пул төлөм уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары бузулгандыгы үчүн салынган. Мекеме кайсы уюмга айып пул салынганы жана мыйзамдын кайсы талаптары бузулганы тууралуу

Ишкер Media
Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын Ишкаван айылында жаңы мектептин курулушу 85%га бүткөрүлдү. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, сметалык наркы 640 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, мектеп үч кабаттуу болуп, жалпы аянты 5613 чарчы метр. Имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн да шарттар каралган. Ичинде заманбап

Ишкер Media