«Манас аэропорту» өзүнүн пансионатын аутсорсингге берет

«Манас аэропорту» өзүнүн пансионатын аутсорсингге берет

«Манас аэропорту» өзүнүн пансионатын оперативдүү башкарууга берүүнү жарыялады (аутсорсинг). Бул тууралуу маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, «Манас» эл аралык аэропорту» ААК өзүнө таандык Ысык-Көл облусундагы Бостери айылында жайгашкан пансионатын берет.

Объекттер:

  • 3 кабаттуу «Манас» аэропорту» пансионаты – 155 орун;
  • 5 кабаттуу “Асыл-Таш” корпусунун 2-кабаты – 72 орун;
  • пансионаттын аймагындагы ашкана  — 80 орундук.

Шарттары:

  • 3 айлык мөөнөткө оперативдүү башкарууга берүү (2023-жылдын июнь айынан август айына чейин);
  • Аутсорсер жумушту уюштуруу үчүн кызматкерлерди ишке кабыл алууну өз алдынча жүргүзөт;
  • «МЭА» ААКнын прейскурантында бекитилген баа боюнча «МЭА» ААКнын кызматкерлеринин арыздарынын негизинде милдеттүү түрдө жайгаштыруу;
  • Төлөмдүн 50%ы келишим түзүлгөндөн кийин 5 банктык күндүн ичинде жүргүзүлөт, калган 50% аутсорсер тарабынан 2023-жылдын 31-августуна чейин төлөнөт;
  • Бардык чыгымдарды аутсорсинг өзү көтөрөт;
  • Келишим аяктагандан кийин бардык объектилер «МЭА» ААКга өткөрүлүп берилет.

Сунуштарды жана табыштамаларды 2023-жылдын 18-апрелине чейин manas.smto@gmail.com электрондук дарегине жөнөтсө болот.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

4-июлда Нарын шаарынын аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, саат 16:40 чамасында катуу шамалдан улам Ала-Мышык тоосундагы "О" уюлдук операторунун бир радиорелейдик антеннасы кулаган. Анын кесепетинен "О" уюлдук операторунун байланыш түйүнү үзгүлтүккө учурап,

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев “Жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында А.Масалиев көчөсүндөгү эскилиги жеткен магистралдык жылуулук куурларын жаңылоо маселеси талкууланды. Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан ТК-16 жылуулук камерасына чейинки узундугу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына жумуш сапары менен барат. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, А.Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрөт. Андан сырткары,  “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA