Чүйдө мыйзам бузган объектилерге 1 млн сом айып салынды
Архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй башкармалыгы Аламүдүн районунда инвентаризация жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, текшерүү Бек-Тоо, Кара-Жыгач жана Таш-Мойнок айылдарындагы кум-шагыл казуу жана иштетүү объектилеринде өттү. Бетон орнотмолор (БСУ), майдалоо-сорттоо орнотмолору (ДСУ), эритме-бетон түйүндөрү (РБУ) жана кирпич заводу текшерилди.
Жыйынтыгында 18 объект каралды. Анын ичинен 7өө гана мыйзамдуу иштеп жатканы аныкталды. Калгандарында шаар куруу жана архитектура боюнча мыйзам бузуулар катталды.
Мыйзам бузган субъекттерге 1 000 000 сом айып пул салынды.
"Сэнд", "Авира Групп", "Масер Микс", "Вайлер Строй" жана "Жагалман" ЖЧКларынын ишмердүүлүгү да каралды.
Калган объектилер боюнча текшерүү уланууда.