Алдамчылык үчүн качып жүргөн жаран массалык башаламандыкка чакырык жасап кармалды

Алдамчылык үчүн качып жүргөн жаран массалык башаламандыкка чакырык жасап кармалды

Алдамчылык үчүн жоопкерчиликтен качып жүргөн жаран массалык башаламандыкка чакырык жасай баштаган. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы массалык башаламандыкка чакыруу фактысы боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүргүзуп, чет өлкөдөн К.С. аттуу жаранды кармады.

Тергөөдө аныкталгандай, К.С. буга чейин биргелешкен ишкердикти жүргүзүү шылтоосу менен жабырлануучу М.Н.нын 150 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын алдап алган. Аталган факты боюнча ага издөө жарыяланган.

ИИМдин маалыматына ылайык, К.С. кийин Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүрүп алып, интернет-ресурстарга чагымчыл мүнөздөгү материалдарды, ошондой эле митингдерди өткөрүүгө, массалык башаламандык уюштурууга жана андан соң бийликти басып алууга чакырыктарды жарыялай баштаган.

Аталган факты боюнча Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан массалык башаламандыкка чакыруу фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренесинде жана 278-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында К.С. чет мамлекеттин аймагында кармалып, өлкөгө жеткирилген. Ал КРнын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Мындан тышкары окуңуз

ИИМ жол кыймылына жаңы программа сунуштоодо

ИИМ жол кыймылына жаңы программа сунуштоодо

Ички иштер министрлиги жол кыймылынын коопсуздугуна байланыштуу 2030-жылга чейинки жаңы программаны сунуштоодо. Коомдук талкууга чыгарылган документ жол-транспорт кырсыктарынын санын азайтууга, өлүмдүн деңгээлин төмөндөтүп, жол кыймылынын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталганы белгиленген. "Кыргызстанда жети айда жол кырсыгынан 464 адам каза болду. Ал эми 2025-жылы 8456

Ишкер Media
Чүйдө мыйзам бузган объектилерге 1 млн сом айып салынды

Чүйдө мыйзам бузган объектилерге 1 млн сом айып салынды

Архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй башкармалыгы Аламүдүн районунда инвентаризация жүргүздү. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалымдалгандай, текшерүү Бек-Тоо, Кара-Жыгач жана Таш-Мойнок айылдарындагы кум-шагыл казуу жана иштетүү объектилеринде өттү. Бетон орнотмолор (БСУ), майдалоо-сорттоо орнотмолору (ДСУ), эритме-бетон түйүндөрү (РБУ) жана кирпич заводу текшерилди. Жыйынтыгында 18 объект

Ишкер Media
Базарлар ассоциациясы субижара үчүн айып пулду азайтууну сунуштады

Базарлар ассоциациясы субижара үчүн айып пулду азайтууну сунуштады

Базарлар ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев Жогорку Кеңештеги парламенттик угууда субижарага байланышкан айып пулдар боюнча Салык кызматы менен бир чечимге келишкенин билдирди. Бул тууралуу Салык кызматынынан кабарлашты. Анын айтымында, субижарачылар мыйзам бузса, жоопкерчилик базар жана соода борборлорунун ээлерине жүктөлүп жатат. Бирок алардын ортосунда түз келишим жок. Ошондуктан ассоциация айып пул салуудан

Ишкер Media
Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

13-октябрга караган түнү Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу жолдорго өз убагында кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлдү. Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу ашуулардын айрым тилкелеринде жол кыймылы жайлап, айдоочулардын унааларын жайкы дөңгөлөктөр менен башкаруусунан улам ашууларда майда тыгындар жаралды. "Айдоочулардан

Ишкер Media