Базарлар ассоциациясы субижара үчүн айып пулду азайтууну сунуштады
Базарлар ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев Жогорку Кеңештеги парламенттик угууда субижарага байланышкан айып пулдар боюнча Салык кызматы менен бир чечимге келишкенин билдирди. Бул тууралуу Салык кызматынынан кабарлашты.
Анын айтымында, субижарачылар мыйзам бузса, жоопкерчилик базар жана соода борборлорунун ээлерине жүктөлүп жатат. Бирок алардын ортосунда түз келишим жок.
Ошондуктан ассоциация айып пул салуудан мурун мыйзам бузууну жоюу тууралуу эскертүү берип, 30 күндүк мөөнөт берүүнү сунуштады.
Тиешелүү ченемдер Укук бузуулар жөнүндө кодекске киргизилиши керектигин белгиледи.