Тору-Айгырда кубаттуулугу 300 МВт күн электр станциясы курулат

Тору-Айгырда кубаттуулугу 300 МВт күн электр станциясы курулат

Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында кубаттуулугу 300 МВт күн электр станциясы курулат. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) пайдаланууда Кыргыз Республикасынын потенциалы жеткиликтүү деңгээлде ишке ашырылбаганын белгиледи.

«Биздин мүмкүнчүлүктөрүбүзгө карабастан, биз күн жана геотермалдык энергияны, шамал энергиясын жана биогаз технологияларын толук пайдаланбай жатабыз. Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жаңы технологиялары — энергиянын ишенимдүү, туруктуу жана заманбап булагы болуп саналат. Бул керектөөчүлөр үчүн арзан, эң негизгиси айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна зыяны жок. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү – бул биздин өлкөнүн энергетика тармагынын келечеги», — деди Жапаров.

Долбоорду кыргызстандык «Бишкек Солар» жана орусиялык «Юнигрин энерджи» компаниялары ишке ашырат. Инвестициянын көлөмү $300 млн түзөт, электростанциянын курулушу жана эксплуатацияланышы менен 500дөн ашуун жумуш оруну түзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

4-июлда Нарын шаарынын аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, саат 16:40 чамасында катуу шамалдан улам Ала-Мышык тоосундагы "О" уюлдук операторунун бир радиорелейдик антеннасы кулаган. Анын кесепетинен "О" уюлдук операторунун байланыш түйүнү үзгүлтүккө учурап,

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев “Жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында А.Масалиев көчөсүндөгү эскилиги жеткен магистралдык жылуулук куурларын жаңылоо маселеси талкууланды. Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан ТК-16 жылуулук камерасына чейинки узундугу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына жумуш сапары менен барат. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, А.Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрөт. Андан сырткары,  “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA