Баткен облусунда 80ге жакын үй курулуп бүтө элек

Баткен облусунда 80ге жакын үй курулуп бүтө элек

14-апрелде Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясы 2022-жылдын сентябрындагы чек ара урушунда талкаланган үйлөрдү куруу, Баткен районунун аймагындагы инфраструктуралык объектилерди реконструкциялоо жана социалдык объектилерди оңдоо маселесин карады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамкурулуштун директорунун орун басары Азирет Акимовдун айтымында, 2022-жылы Баткен облусунун Тажикстандын чек арага кол салуу кесепетинен 638 турак-жай жана 27 социалдык объект жараксыз абалга келген.

«Учурда Баткен облусунда 417 үй курулуп жатат, анын 316сы Баткен районунда, жүзү Лейлек районунда жана бир үй Баткен шаарында», — деди Акимов. Ошондой эле ал 332 үйдүн бүткөнүн, 60 үйдүн ички дубалы тургузулуп жатканын, 18 объекттер чатыр жасалып жатканын кошумчалады.

Депутаттар калган үйлөрдүн курулушу качан бүтөөрүн сурашканда, Акимов бүтүрүү мөөнөтү 1-майга жылды деп жооп берди.

Ошондой эле Акимов 2023-жылга карата Кыргызстанда социалдык объектилерди куруу пландары тууралуу маалымат берди.

«2023-жылга «Капиталдык салымдар» статьясы боюнча 237 объектинин тизмеси бекитилди, 86 социалдык мекемеде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт, 50сүндө — ичүүчү суу менен камсыздоо системасы жасалат, 88 объекттин долбоордук документтерин иштелип чыгат», — деп айтты.

Депутат Марат Мураталиев капиталдык салымдарга бөлүнгөн бюджетке кызыгып, ага финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева социалдык объектилерге 1.35 млрд сом каралганын айтып жооп берди.

Мындан тышкары окуңуз

Баткендеги катуу шамалдын кесепети 16 млн сом чыгымга учуратты

Баткендеги катуу шамалдын кесепети 16 млн сом чыгымга учуратты

27-июнда Баткен шаарында, ошондой эле Баткен жана Лейлек райондорунун аймагында катуу шамал болуп, шамалдын ылдамдыгы секундасына 27–28 метрге чейин жетти. Бул тууралуу президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жаратылыш кырсыгынын кесепетинен айрым турак үйлөрдүн жана социалдык объектилердин чатырлары жабыркап, башка материалдык чыгымдар

Нарындагы мыйзамсыз курулган тосмолор буздурулууда

Нарындагы мыйзамсыз курулган тосмолор буздурулууда

Нарын шаарынын Жаңы Жол чөлкөмүндө мыйзамсыз тосулуп алынган жер аянттарын кайтарып алуу максатында дубал тосмолор жана сарайлар бузулууда. Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматынын айтымына караганда, “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо” жөнүндөгү президенттин 109 -Жарлыгынын алкагында мыйзамсыз курулуштарды аныктоо, бузуу боюнча жарандарга билдирүүлөр да

Кыргызстан менен Пакистан соода-экономикалык  долбоорлорду ишке ашырат

Кыргызстан менен Пакистан соода-экономикалык долбоорлорду ишке ашырат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Пакистандын Лахор шаарындагы Кыргызстандын ардактуу консулу менен жолугушту. Аталган мекеменин маалыматына ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташуунун келечектүү багыттары талкууланды. Пакистан тарап Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, артыкчылыктуу тармактары жана инвесторлор үчүн каралган мамлекеттик колдоо чаралары менен таанышты. Равшанбек Сабир

“Кыргыз Петролеум Компаниясын” жаңылоого 409,9 млн доллар каралган

“Кыргыз Петролеум Компаниясын” жаңылоого 409,9 млн доллар каралган

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Манас шаарында өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу май маселелерине байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жана мунай менен иш алып барган бир катар жеке компаниялардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрдү.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, отурумда негизинен “Кыргызнефтегаз”