“Кыргыз Петролеум Компаниясын” жаңылоого 409,9 млн доллар каралган

“Кыргыз Петролеум Компаниясын” жаңылоого 409,9 млн доллар каралган

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Манас шаарында өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу май маселелерине байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жана мунай менен иш алып барган бир катар жеке компаниялардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрдү. 

Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, отурумда негизинен “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү каралып, 2021-2025-жылдарга жана 2026-жылдын 6 айына карата ишкананын техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу баяндама жасалды. Анда мунай өндүрүү, газ өндүрүү, бургулоо иштеринин жүрүшүү, продукцияларды сатуунун көлөмү жана киреше бөлүгү, төлөмдөр, активдер сыяктуу аткарылган иштер белгиленип, алдыдагы пландары талкууланды. 

Белгилей кетсек, “Кыргызнефтегаз” ишканасы 14 чет элдик инвестициялык компания менен иш алып барат. Инвесторлор кудуктарды бургулоо жана капиталдык оңдоо иштерине байланышкан бардык финансылык чыгымдарды өз каражаттарынын эсебинен каржылайт. Отурумдун соңунда Эрлист Акунбеков “Кыргызнефтегаз” жана жеке комапнияларга мунай продукциялары менен өлкөнүн ички рыногун камсыздоо боюнча иш-аракеттерин күчтөндүрүү боюнча тапшырмаларды берди. 
Ошондой эле, МинКаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коомунун нефтини кайра иштетүүчү заводун жаңылоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Белгилей кетсек, “Кыргыз Петролеум Компания” ЖАКда өндүрүлгөн продукция тиешелүү талаптарга жооп беришин камсыздоо үчүн нефтини кайра иштетүүчү заводун жаңылоо милдети коюлган. Долбоордун жалпы суммасы 409,9 млн доллар. Оңдоо иштери менен жеринде таанышкан МинКаб төрагасынын орун басары тиешелүү мекемке ишканалардын жетекчилерине аткарылып жаткан жумуштардын сапатына өзгөчө көңүл буруп, оңдоп-түзөө иштерин өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды. 

Мындан тышкары окуңуз

Казарманда 110 млн сомго автобекет куруу пландалууда

Казарманда 110 млн сомго автобекет куруу пландалууда

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 26-октябрда Тогуз-Торо районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Маалым болгондой, Тогуз-Торо районунда 2021–2026-жылдар аралыгында 43,4 чакырым автомобиль жолуна асфальт төшөлдү. Мындан тышкары, райондо транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоорлор каралууда. Атап айтканда, Казарман айылында болжолдуу

Ишкер Media
Кочкордо жаңы автобекет курулууда

Кочкордо жаңы автобекет курулууда

Нарын облусунун Кочкор районунда аянты 14 469 чарчы метр болгон жаңы автобекет салынууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалым болгондой, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, тендердик баасы 395 млн сомду түзөт. Иштер 2025-жылдын январында башталган. Автобекет 2 кабаттуу, заманбап үлгүдө курулууда. Имаратта жүргүнчүлөр үчүн күтүү залы, административдик бөлмөлөр

Ишкер Media
Кыргызстандын экономикасында акча которуулардын үлүшү 20%дан төмөндөдү

Кыргызстандын экономикасында акча которуулардын үлүшү 20%дан төмөндөдү

Кыргызстанга чет өлкөдөн келип түшкөн акча которуулардын ички дүң продукцияга (ИДП) карата үлүшү мурдагы 30%дан 20%га жетпеген деңгээлге төмөндөдү. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда, Улуттук банктын басма сөз жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан мурда акча которуулардын экономикадагы үлүшү эң жогору болгон

Ишкер Media
Сокулукта мыйзамсыз курулуп жаткан цехке айып салынды

Сокулукта мыйзамсыз курулуп жаткан цехке айып салынды

Мамлекеттик курулуш көзөмөл департаментинин Чүй башкармалыгы Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында мыйзамсыз курулушту аныктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалымдалгандай, текшерүүдө желдеткич соргучтарды жасоочу өндүрүштүк цех катары пайдалануу үчүн кампа долбоордук жана уруксат берүүчү документтерсиз курулуп жатканы белгилүү болгон. Жыйынтыгында жооптуу "ЭкстраВент" ЖЧКсына акт түзүлүп, мыйзам бузууларды жоюу

Ишкер Media