Кыргызстан менен Пакистан соода-экономикалык долбоорлорду ишке ашырат

Кыргызстан менен Пакистан соода-экономикалык  долбоорлорду ишке ашырат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Пакистандын Лахор шаарындагы Кыргызстандын ардактуу консулу менен жолугушту.

Аталган мекеменин маалыматына ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташуунун келечектүү багыттары талкууланды.

Пакистан тарап Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, артыкчылыктуу тармактары жана инвесторлор үчүн каралган мамлекеттик колдоо чаралары менен таанышты.

Равшанбек Сабиров Кыргызстан чет өлкөлүк өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушууда туризм, адал индустриясы, этти кайра иштетүү жана өндүрүү, санариптик банктык кызматтар сыяктуу багыттар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Тараптар инвестициялык байланыштарды кеңейтүү, маалымат алмашуу жана ишкердик кызматташууну өнүктүрүү боюнча макулдашышты.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Асыл тукум букаларга гидропоникалык тоют берилүүдө

Асыл тукум букаларга гидропоникалык тоют берилүүдө

Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунун Биотехнология бөлүмүндө асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө багытталган жаңы технология практикалык түрдө колдонулууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Асыл тукум букалардын физиологиялык абалын жакшыртуу жана алынуучу уруктун сапатын жогорулатуу максатында гидропоникалык тоюттандыруу технологиясы киргизилди. Гидропоникалык тоют — үрөндөрдү топураксыз өстүрүү жолу менен

Араванда жер тилкесин өз билемдик менен басып алуу боюнча тергөө жүрүүдө

Араванда жер тилкесин өз билемдик менен басып алуу боюнча тергөө жүрүүдө

Араван райондук ички иштер башкармалыгына Дөбө-Коргон айылында 1958-жылы туулган А.А. өзүм билемдик менен жер тилкесин ээлеп алып, анын үстүнө мыйзамсыз курулуштарды курганы тууралуу маалымат 3-апрелде келип түшкөн. Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жыйынтыгында жер тилкесине байланыштуу

Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү эки күнгө жабылат

Бишкекте Чүй проспектисинин бир бөлүгү эки күнгө жабылат

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда коопсуздукту камсыз кылуу максатында Бишкектин борборундагы айрым жолдордо унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришкендей, 27-августта саат 20:00дөн 29-августта саат 12:00гө чейин Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Жусуп Абдрахманов көчөсүнө

“Будда бар” ресторанын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

“Будда бар” ресторанын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын Достук паркынын аймагындагы “Будда бар” жайгашкан аянты 1 330 чарчы метр болгон жер тилкеси Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев аталган аймакты жеринен барып көрүп чыкты. Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына аймактагы учурдагы