Алдамчылар «Альянс Алтындын» атынан жарандарды алдап жатышат

Алдамчылар «Альянс Алтындын» атынан жарандарды алдап жатышат

Социалдык тармактарда «Альянс Алтын» компаниясына жана анын жетекчилигине шилтеме жасап, жалган маалыматтарды жарыялап, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып жатат деген фейк аккаунттар пайда болууда. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. «Альянс Алтын» шылуундардын долбоорлоруна катышпоону жана алардын билдирүүлөрүнө көңүл бурбоосун өтүнөт. Мындан тышкары, шилтемелерди ээрчүү жана шылуундарга жеке маалыматтарыңызды берүү сунушталбайт. Мүмкүн болсо, социалдык тармактардын администрациясына бул баракчалар боюнча арызданыңыз.

Буга чейин тиешелүү арыз түзүлүп, укук коргоо органдарына жөнөтүлүп, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Көрүлгөн чараларга карабастан, шылуундар КР жарандарын алдоону улантууда, деп билдирет компания.

Альянс Алтын ошондой эле алтын же башка товарларды сатуу боюнча акцияларды өткөрбөйт. Компаниянын социалдык тармактардагы баракчалары компаниянын иши жөнүндө айтып берүү үчүн гана колдонулат.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Бүгүн суучулдар Түп булуңунан 1700 метр узундуктагы балык уулоочу эски торлорду чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, суучулдар ӨКМдин "Мөлтүр" кемесине түнөп, көлдү тазалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Белгиленгендей, Ысык-Көл акыркы 4 жылдан бери таштанды жана балык уулоочу торлордон тазаланууда.

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” долбоорунун жүрүшү талкууланды

Жыргалаңда “Ала-Тоо Резорт” долбоорунун жүрүшү талкууланды

Жыргалаң айылында “Ала-Тоо Резорт” бардык сезондогу тоо-кластери мамлекеттик долбоорун ишке ашыруу маселелери боюнча көчмө жыйын өттү. Жыйын Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиевдин төрагалыгы астында уюштурулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш-чарага суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев, министрликтин кызматкерлери

Эрлист Акунбеков “Джунда” заводундагы модернизация иштери менен таанышты

Эрлист Акунбеков “Джунда” заводундагы модернизация иштери менен таанышты

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кара-Балта шаарындагы “Джунда” Чайна Петроль Компани” жабык акционердик коомуна таандык мунайды кайра иштетүүчү заводуна барып, модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышып көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Отурумга тиешелүү мамлекеттик органдардын башчылары, заводдун жетекчилиги жана

Бишкекте 9-майдан тарта ысык суу бериле баштайт

Бишкекте 9-майдан тарта ысык суу бериле баштайт

“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы шаарды ысык суу менен камсыздоо үчүн колдонулган жылуулук тармактарындагы оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аяктаганын билдирди. Маалыматка ылайык, 8-майда адистер системаны муздак суу менен этап-этабы менен толтурууну жана ысык суу берүү процессине даярдык иштерин башташат. Ал эми Бишкек ЖЭБи керектөөчүлөргө ысык сууну 9-майдан тарта бере баштайт. Алгач