Алайда 37 млн сомго спорт комплекси курулуп жатат
Алай районундагы Сопу-Коргон айылында жаңы спорт комплекси курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор республикалык казынадан каржыланып, жалпы наркы 37 миллион сомду түзөт.
Жаңы спорт комплекси заманбап талаптарга жооп берип, анын ичинде волейбол жана баскетбол аянтчалары, машыгуу залы каралган. Ошондой эле машыктыруучулар үчүн кабинет жана бардык шарттары бар кийим алмаштыруучу жайлар уюштурулат.
Учурда объекттин курулуш иштери дээрлик аяктап, сырткы жасалгалоо иштери жүрүүдө.