Курулуш тармагында иштеген чет элдиктерди каттоо көзөмөлгө алынат

Курулуш тармагында иштеген чет элдиктерди каттоо көзөмөлгө алынат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ички иштер министрлигинин жана башка укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, курулуш компанияларынын жетекчилери менен жумушчу жыйын өткөрдү.

Министрликтен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө курулуш объектилеринде эмгектенип жаткан чет элдик жарандарды каттоо, алардын мыйзам талаптарын сактоосу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо маселелери каралды.

Тараптар чет өлкөдөн келген жумушчулардын документтерин мыйзамга ылайык тариздөө, аларды өз убагында каттоодон өткөрүү жана мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташуу зарылдыгын талкуулашты.

Мындан тышкары, курулуш аянтчаларында ички тартипти сактоо, мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча талаптар айтылды.

Нурдан Орунтаев курулуш тармагында мыйзамдуулук жана тартип так сакталышы керектигин белгилеп, курулуш компаниялары чет элдик жумушчулардын документтерин туруктуу көзөмөлдөп турууга милдеттүү экенин айтты.

Жыйындын соңунда курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө көйгөйлөр жаралган учурда ортомчуларга эмес, түздөн-түз мамлекеттик органдарга кайрылуу сунушталып, кооптуу жагдайлар орун алганда 102 кызматына ыкчам маалымат берүү зарылдыгы эскертилди.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, жаңы “Мадина” базарына пландан тышкары баш багып, буга чейин соода жүргүзүү шарттарына жана соода орундарынан ажырап калуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирген соодагерлер менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Ишкерлер буга чейин өз кайрылууларын социалдык тармактарга жарыялашкан. Жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесине ээлик кылган ишкер долбоорду

Ишкер Media
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү Гоар Барсегян менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн аталган министрликтен билдирди. Билдирүүгө ылайык, анда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекстерин өнүктүрүү, ошондой эле өндүрүштүк кооперацияны чыңдоо маселелери

Ишкер Media
Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатты капиталдык оңдоо иштери дээрлик аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын сметалык наркы 477 миллион сомду түзөт. Иштин алкагында имараттын сырткы көрүнүшү жаңыланып, инженердик тармактары толугу менен

Ишкер Media
Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткен шаарында күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата тургундарга 2 миң 400 тонна көмүр жеткирилди. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде шаар калкына жалпысынан 5 миң тонна көмүр керектелет. "Кыргызкөмүр" ишканасы алып келген

Ишкер Media