ЕЭК Кеңешинин отурумунун жыйынтыгы – чечимдер

ЕЭК Кеңешинин отурумунун жыйынтыгы – чечимдер

2023-жылдын 22-майында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин катышуусунда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйыны видеоконференция режиминде өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады.

Отурумда күн тартибиндеги 20дан ашык маселе каралып, жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды:

• ЕЭК Кеңеши ЕАЭБ алкагында медициналык багыттагы буюмдарды (медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду жактырды, анда Союздун чегинде каттоого жатпай турган медициналык буюмдардын, медициналык багыттагы буюмдардын тизмесин кеңейтүү каралган;

• ЕЭК Кеңешинин чечими менен жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу, карантиндик жана зооноздук ылаңдарынын очокторун алдын алуу, диагностикалоо, локализациялоо жана жоюу, ошондой эле региондоштуруу боюнча Биримдикке мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүү тартибине өзгөртүүлөр киргизилди;

• Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйынында мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулар үчүн товарлардын айрым түрлөрү чыгарылган өлкөнү аныктоо эрежелери сегиз жаңы товардык позиция боюнча өндүрүштүк шарттар менен толукталды. Кабыл алынган чечимди эске алуу менен, Эрежелерде 15 тармактагы 450 фирмалык аталыштар үчүн өндүрүш шарттары камтылган;

• эми СТ-1 сертификатынын негизинде 276 товардык позиция мамлекеттик сатып алууларга катышууга уруксат берилген;

• ЕЭК кеңешинин мүчөлөрү Жогорку Евразиялык экономикалык комиссиянын күн тартибин бекитти. 24-25-майда Москвада өтө турган Кеңеш жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешин 7-9-июнда Сочи шаарында өткөрүүнү пландаштырган.

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйыны 2023-жылдын 23-июнунда өткөрүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media
Бишкекте жылытууга кеткен чыгым 4 эсе азаят

Бишкекте жылытууга кеткен чыгым 4 эсе азаят

Бишкектин Энесай-1 конушунда жылытуу маселеси боюнча эл менен жолугушуу өттү. №21 мектепте өткөн жыйынга 73 тургун катышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Финансы министрлигинин адистери жарандарга экологиялык таза жылытуу системасын орнотуу үчүн жылдык 6% менен 5 жылга чейин 1 млн сомго чейин жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат беришти. Адистердин

Ишкер Media
Касымалиев: "Манас" аэропорту 9 айда 4,2 млрд сом пайда тапты

Касымалиев: "Манас" аэропорту 9 айда 4,2 млрд сом пайда тапты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Манас" эл аралык аэропортунун жаңыланган инфратүзүмү менен таанышты. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК билдирди. Ал "Манас-2" комплекси толук реконструкцияланганын, "Ош", "Ысык-Көл", "Жалал-Абад" аэропортторунда жаңы терминалдар салынып жатканын, "Каракол"

Ишкер Media
Moody’s BAKAI банкынын рейтингин B2ге көтөрдү: негизги көрсөткүчтөр боюнча банкка берилген эл аралык баа жакшырды

Moody’s BAKAI банкынын рейтингин B2ге көтөрдү: негизги көрсөткүчтөр боюнча банкка берилген эл аралык баа жакшырды

2026-жылдын 6-октябрында Moody’s Ratings эл аралык рейтинг агенттиги BAKAI банкынын улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы узак мөөнөттүү депозиттик рейтингдерин B3төн B2ге көтөрдү. Ошондой эле агенттик банктын кредитке жөндөмдүүлүгү боюнча бир катар негизги баалоолорду жогорулатты. Кредитке жөндөмдүүлүктүн базалык баасы (BCA) b3төн b2ге жогорулатылды. Бул көрсөткүч сырттан берилиши мүмкүн

Ишкер Media