Бишкекте жылытууга кеткен чыгым 4 эсе азаят
Бишкектин Энесай-1 конушунда жылытуу маселеси боюнча эл менен жолугушуу өттү. №21 мектепте өткөн жыйынга 73 тургун катышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Финансы министрлигинин адистери жарандарга экологиялык таза жылытуу системасын орнотуу үчүн жылдык 6% менен 5 жылга чейин 1 млн сомго чейин жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат беришти.
Адистердин эсеби боюнча, жылуулук насосу көмүргө салыштырмалуу чыгымды 4 эсеге чейин азайтат. Чыгым үйдүн аянтына жана жылуулоосуна жараша болот.
Долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен "Абанын сапатын жакшыртуу" программасынын алкагында ишке ашууда.