Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди
Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.
Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты.
Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана Баткендеги "Өрүк-Зар" заставалары да пайдаланууга берилди.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев жана Чек ара кызматынын төрагасы Данияр Сатимов катышты.
Бардык объекттер республикалык бюджеттин эсебинен курулду.