Moody’s BAKAI банкынын рейтингин B2ге көтөрдү: негизги көрсөткүчтөр боюнча банкка берилген эл аралык баа жакшырды
2026-жылдын 6-октябрында Moody’s Ratings эл аралык рейтинг агенттиги BAKAI банкынын улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы узак мөөнөттүү депозиттик рейтингдерин B3төн B2ге көтөрдү. Ошондой эле агенттик банктын кредитке жөндөмдүүлүгү боюнча бир катар негизги баалоолорду жогорулатты.
Кредитке жөндөмдүүлүктүн базалык баасы (BCA) b3төн b2ге жогорулатылды. Бул көрсөткүч сырттан берилиши мүмкүн болгон колдоону эсепке албастан, банктын өзүнүн финансылык туруктуулугун жана милдеттенмелерин аткаруу жөндөмүн чагылдырат. BCAнын жогорулашы BAKAI банкынын кредиттик профилине берилген баа жакшырганын билдирет.
Контрагенттик тобокелдиктин узак мөөнөттүү рейтингдери (CRR) B1ге, ал эми контрагенттик тобокелдиктин баасы (CR Assessment) B2(cr) деңгээлинен B1(cr) деңгээлине жогорулатылды. Бул BAKAI банкынын финансылык өнөктөштөрүнүн жана контрагенттеринин алдындагы милдеттенмелерин аткаруу жөндөмүнө мурдагыдан жогору баа берилгенин билдирет.
Кыска мөөнөттүү рейтингдер NP жана NP(cr) деңгээлинде өзгөрүүсүз калды. Узак мөөнөттүү депозиттик рейтингдер жогорулагандан кийин алар боюнча болжол «позитивдүү» дегенден «туруктуу» дегенге өзгөртүлдү.
Рейтингдин жогорулашы BAKAI үчүн практикалык жактан маанилүү. Эл аралык баанын жакшырышы чет өлкөлүк банктардын, инвесторлордун жана финансы институттарынын ишенимин бекемдеп, сырттан каржылоо тартуу жана эл аралык өнөктөштүктү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Келечекте бул банкка каражаттарды ыңгайлуу шарттарда тартууга жана эл аралык операцияларын мындан ары кеңейтүүгө өбөлгө түзүшү мүмкүн.
Өлкөдөгү ири банктардын биринин рейтинги жогорулашы Кыргызстанды эл аралык финансы коомчулугуна да жакшы жагынан көрсөтөт. Бул өлкөнүн банк секторуна болгон ишенимди бекемдеп, анын тышкы рыноктордо кеңири таанылышына өбөлгө түзөт. Ошондой эле эл аралык инвесторлор жана финансы уюмдары менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошумча шарт түзөт.