Бишкектин мэриясы бүтпөй калган курулуштардын тизмесин жарыялады

Бишкектин мэриясы бүтпөй калган курулуштардын тизмесин жарыялады
Photo by Irene Strong / Unsplash

Борбор калаанын мэриясы шаардык «Бишкекбашкыархитектура» мекемеси менен биргеликте узак мөөнөттүү курулуш объектилерин аныктады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, айрым курулуштар кайрадан башталып, курулуш иштерин өз убагында бүтүрүү боюнча кепилдик каттар алынган.

Бул объекттер Бишкек шаарынын архитектуралык көрүнүшүн бузуп, борбор калаанын тургундарына жана конокторуна жагымсыз шарттарды түзүп жатат.

Төмөнкү узак мөөнөттүү курулуштар  аныкталды:

• Курчатов көчөсү, 5 г дарегиндеги көп кабаттуу турак үй. «АНЭС Строй» ЖЧКсы;

• Тынчтык проспектиси - Чокморов көчөсү кесилишиндеги кеңсенин курулушу. «Иска Строй» ЖЧКсы;

• Киев-К.Акиев көчөлөрүндөгү КР Улуттук банкынын имараты;

• Салиева көчөсү, 53 дарегиндеги өз аймагында курулган социалдык-маданий объектилери бар 9 кабаттуу турак жай, «СК ГЕРМЕС» ЖЧКсы;

• Токмок көч., 83,87,89,93 дарегиндеги 9 кабаттуу үй. «СК ГЕРМЕС» ЖЧКсы;

• Тыныстанов көчөсү, 146 жана Баетов көчөсү, 77 даректериндеги кеңсе имараттары жана жер астындагы унаа токтотуу жайы менен көп кабаттуу турак үй. «Санат Инвест» ЖЧКсы;

• Логвиненко көчөсү, 11 дарегиндеги кеңсе имараттары менен 14 кабаттуу турак үй, Логвиненко 11. «Гранд Строй Инвест» ЖЧКсы;

• Байтик баатыр көчөсү, 44 дарегинде өздүк турак жай курулушунун аймагындагы дүкөн, кафе жана кеңсе. Куруучулар белгисиз;

• Жибек-Жол проспектиси, 607 Чымкент көч.44, 44а дарегиндеги   дүкөнү жана жер астындагы унаа токтоочу жайы бар кеңсе;

• Бөкөнбаев көчөсү, 134 а дарегиндеги эскилиги жеткен жана турак-жай эмес имараттарды бузуу менен өз аймагындагы 6 кабаттуу мейманкана үйү. «Имарат Прогресс» ЖЧКсы;

• Байтик-Баатыр, 60,62,64 – Радищев 32,34  дарегиндеги дүкөнү жана жер алдындагы унаа токтотуучу жайы бар 18-кабаттуу турак-жай,  «Мастер Групп» ЖЧКсы;

• 12-кичирайондогу Каралаев көчөсүндөгү өз аймагында кеңсеси жана дүкөнү бар көп кабаттуу турак жай. Джетыбаев Н.А.;

• Каралаев көчөсүндөгү бөлүнгөн аймакта турак эмес жайлар жана жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар көп кабаттуу үйлөрдүн бир тобу. «Ривьера-Строй Маркет ЖЧКсы»;

• Юнусалиев көчөсү, 41 а дареги боюнча Соода-сервистик, оюн-зоок комплекси жана    мейманкана бөлмөлөрү бар кафе, Дулатов М.А.;

• «Юнусалиев - Сухэ-Батор көчөлөрүндөгү жайкы аянтчасы менен кафе-бар, куруучулар белгисиз;

• «Кулатов көчөсү, 18 дарегиндеги өз аймагындагы дүкөнү, кеңсеси жана жер астындагы унаа токтоочу жайы бар көп кабаттуу турак жай». «Хан Компани» ЖКЧсы.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media
Бишкекте жылытууга кеткен чыгым 4 эсе азаят

Бишкекте жылытууга кеткен чыгым 4 эсе азаят

Бишкектин Энесай-1 конушунда жылытуу маселеси боюнча эл менен жолугушуу өттү. №21 мектепте өткөн жыйынга 73 тургун катышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Финансы министрлигинин адистери жарандарга экологиялык таза жылытуу системасын орнотуу үчүн жылдык 6% менен 5 жылга чейин 1 млн сомго чейин жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат беришти. Адистердин

Ишкер Media
Касымалиев: "Манас" аэропорту 9 айда 4,2 млрд сом пайда тапты

Касымалиев: "Манас" аэропорту 9 айда 4,2 млрд сом пайда тапты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Манас" эл аралык аэропортунун жаңыланган инфратүзүмү менен таанышты. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК билдирди. Ал "Манас-2" комплекси толук реконструкцияланганын, "Ош", "Ысык-Көл", "Жалал-Абад" аэропортторунда жаңы терминалдар салынып жатканын, "Каракол"

Ишкер Media
Moody’s BAKAI банкынын рейтингин B2ге көтөрдү: негизги көрсөткүчтөр боюнча банкка берилген эл аралык баа жакшырды

Moody’s BAKAI банкынын рейтингин B2ге көтөрдү: негизги көрсөткүчтөр боюнча банкка берилген эл аралык баа жакшырды

2026-жылдын 6-октябрында Moody’s Ratings эл аралык рейтинг агенттиги BAKAI банкынын улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы узак мөөнөттүү депозиттик рейтингдерин B3төн B2ге көтөрдү. Ошондой эле агенттик банктын кредитке жөндөмдүүлүгү боюнча бир катар негизги баалоолорду жогорулатты. Кредитке жөндөмдүүлүктүн базалык баасы (BCA) b3төн b2ге жогорулатылды. Бул көрсөткүч сырттан берилиши мүмкүн

Ишкер Media