Бишкекте «Аэропорт» ассоциациясынын техникалык комитеттеринин эл аралык жыйыны өттү

Бишкекте «Аэропорт» ассоциациясынын техникалык комитеттеринин эл аралык жыйыны өттү

2023-жылдын 7-июнунда Бишкекте «Манас» эл аралык аэропорту» ААК Жарандык авиациянын «Аэропорт» ассоциациясы (Россия, Москва ш.,) менен биргеликте өткөргөн техникалык комитеттердин жыйыны өттү. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чарага авиамекемелердин жана аэропорттор үчүн материалдарды, техникаларды жана жабдууларды өндүрүүчү ишканалардын жетекчилери жана адистери катышат, алар:

«Внуково» аэропорту, «Домодедово» аэропорту, «Домодедово аэродром» ЖЧКсы, «Сургут аэропорту» ААК, «Алматы» аэропорту, «Хабаровск аэропорту» ААК, КМШ өлкөлөрүндөгү Airport Solutions, «БальтЭнергоМаш» ЖЧКсы, «Россия» атайын учуучу отряды” федералдык мамлекеттик бюджеттик мекеме жана башкалар.

Семинардын жүрүшүндө тармактын актуалдуу маселелери каралды:

· «Манас» эл аралык аэропорту» ААК. Мекеменин техникалык инфраструктурасы. Өндүрүштүк ишмердүүлүктүн негизги көрсөткүчтөрү. Кыргызстандын аэропортторун жаңы шарттарда өнүктүрүү стратегиясы;

· Росавиациянын жаңы федералдык авиациалык эрежеси. Актуалдуу өзгөрүүлөр;

· учуп-конуу тилкенин абалы жөнүндө маалыматтарды берүү форматтары. Аларды колдонуу тажрыйбасы;

· аэродромдорду эксплуатациялоо үчүн атайын техника, жүргүнчүлөрдү ташуучу учактарды тейлөө.

· аэродром төшөлмөлөрүн оңдоонун заманбап технологиялары.

· жайкы жана кышкы шарттарда аэродромдорду эксплуатациялык абалда кармоо үчүн материалдар.

· аэропорт комплекстерин электр жабдуунун натыйжалуулугун, ишенимдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча чечимдер.

· аэропорттордогу заманбап жарык берүүчү жабдуулар.

· аэропорттордун өндүрүштүк аймактарын жана жайларын жарыктандыруу.

· IT-жабдуулар системаларын импортту алмаштыруу.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек шаарындагы Кыргыз көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт

Бишкек шаарындагы Кыргыз көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев көчмө жыйындын алкагында Саадаев көчөсүнөн Түндүк айланма жолуна чейинки тилкедеги Кыргыз көчөсүн оңдоп-түзөөбоюнча даярдык иштери менен таанышты. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, долбоорго ылайык, узундугу 4,1 чакырымды түзгөн жол тилкеси оңдолуп, өтүүчү бөлүгү төрт тилкеге чейин кеңейтилет. Жолдун туурасы 16

Ысык-Көлдө экологиялык талаптарды бузгандарга айып пул салынды

Ысык-Көлдө экологиялык талаптарды бузгандарга айып пул салынды

Ысык-Көлдө экологиялык рейд өтүп, мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө экологиялык мыйзамдардын талаптарын бузган бир катар фактылар аныкталды. Анын негизинде укук бузуу жөнүндө 8 административдик протокол түзүлүп, жалпысынан 111 миң 500 сом айып пул салынды. Курчап турган чөйрөнү коргоо,

Кыргызстанда коомдук тамактануу тармагынан түшкөн салык 60%га өстү

Кыргызстанда коомдук тамактануу тармагынан түшкөн салык 60%га өстү

Кыргызстанда коомдук тамактануу тармагынан мамлекеттик бюджетке түшкөн салыктардын көлөмү көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь–май айларында кафе жана ресторандар боюнча ишке ашырылып жаткан пилоттук долбоордун алкагында бюджетке 1 млрд 536,7 млн сом салык түштү. Салык кызматынын маалыматына караганда, фискалдык программалык камсыздоого

Солтон-Сары алтын өндүрүүчү комбинаты текшерилди

Солтон-Сары алтын өндүрүүчү комбинаты текшерилди

Солтон-Сары ѳрѳѳнүндѳгү алтын ѳндүрүүчү комбинатын жаңылоо иштеринин жүрүшүндө ѳрѳѳндѳ калдык сактоочу жайдын курулуш иштериндеги экологиялык талаптардын сакталышы боюнча кароо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө калдык сактоочу жайдагы курулуш иштеринин жүрүшүндө экологиялык талаптарды одоно бузуу фактылары катталган жок