Бишкек шаарындагы Кыргыз көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт

Бишкек шаарындагы Кыргыз көчөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев көчмө жыйындын алкагында Саадаев көчөсүнөн Түндүк айланма жолуна чейинки тилкедеги Кыргыз көчөсүн оңдоп-түзөөбоюнча даярдык иштери менен таанышты.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, долбоорго ылайык, узундугу 4,1 чакырымды түзгөн жол тилкеси оңдолуп, өтүүчү бөлүгү төрт тилкеге чейин кеңейтилет. Жолдун туурасы 16 метрди түзөт. Ошондой эле эки тарабына тротуар куруу, ирригациялык тутумду орнотуу жана иштеп жаткан көпүрөнү кеңейтүү каралган.

Объектти кароо учурунда калаа башчысы подряддык уюмга курулуш-монтаждоо иштерин сапаттуу жана ыкчам аткарууну, ошондой эле долбоорду ишке ашыруунун бекитилген мөөнөттөрүн так сактоону тапшырды.

Айбек Жунушалиев акимдерге жана профилдик кызматтарга жолду оңдоо аймагына туш келген объекттердин ээлерине өз убагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жана билдирүүлөрдү тапшырууну милдеттендирди.

Мындан сырткары, көчмө жыйындын алкагында Бишкек мэри Можайский көчөсүнүн Орозбеков көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки тилкесинин оңдоп-түзөөдөн кийинки абалы менен таанышты.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

30-сентябрда Будапеште Кыргызстандын элчиси Эрлан Абдылдаевдин Венгриянын президенти Андраш Балинт Бакага ишеним грамотсын тапшыруу салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, салтанат Шандор сарайында өтүү. Жолугушуу учурунда элчи Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жолдогон саламын айтты. Расмий бөлүктө баарлашуулар болуп, анда эки тараптуу мамилени өнүктүрүү, эки

Ишкер Media
Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактан улуу адамдардын саны акыркы беш жылда 146 миңден ашуунга же 25%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата маалымдады. Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2026-жылдын башына карата өлкөдө эмгекке жарамдуу курактан улуу 737 миң адам катталган. Бул жалпы калктын 10%

Ишкер Media
Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков баяндама жасап, долбоор мыйзамдарды өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккандыгын билдирди. Долбоорду талкуулоо учурунда депутаттар ишкерлерге салыктык жүктү азайтуу, айып

Ишкер Media
Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

BAKAI жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлер үчүн каржылоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкан келишимге кол коюшту. Программанын алкагында бизнес экологиялык жана энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду ишке ашырууга, аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө жана тең мүмкүнчүлүктөрдү колдоого 500 миң сомдон 50 млн сомго чейин каржылоо ала алат. Келишимге Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Башкармасынын төрагасынын орун

Ишкер Media