Кыргызстанда коомдук тамактануу тармагынан түшкөн салык 60%га өстү

Кыргызстанда коомдук тамактануу тармагынан түшкөн салык 60%га өстү

Кыргызстанда коомдук тамактануу тармагынан мамлекеттик бюджетке түшкөн салыктардын көлөмү көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь–май айларында кафе жана ресторандар боюнча ишке ашырылып жаткан пилоттук долбоордун алкагында бюджетке 1 млрд 536,7 млн сом салык түштү.

Салык кызматынын маалыматына караганда, фискалдык программалык камсыздоого кошулганга чейин бул тармактагы орточо айлык салыктык түшүүлөр 184,2 млн сомду түзүп келген. Эсепке алуу системасы киргизилгенден кийин көрсөткүч 307,3 млн сомго чейин өсүп, өсүү темпи 166,8 пайызды түзгөн.

Мындай жыйынтык ишкерлердин ишмердүүлүгүнүн ачыктыгынын жогорулашы, акчалай эсептешүүлөрдүн толук эсепке алынышы жана көмүскө жүгүртүүнүн азайышы менен байланыштуу экени белгиленди.

Мамлекеттик салык кызматы фискалдык программалык камсыздоону киргизүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө, ишкерлер үчүн атаандаштыкта бирдей шарттарды түзүүгө жана салыктык тартипти чыңдоого жардам берип жатканын айтты.р

Мындан тышкары окуңуз

Кербен шаарын айланып өтүүчү 9 километр автожол курулууда

Кербен шаарын айланып өтүүчү 9 километр автожол курулууда

Аксы районундагы Кербен шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, жалпы узундугу 9 чакырымды түзгөн автожолго эки катмар асфальт төшөлөт. Учурда жолдун 6 километрине биринчи катмар асфальт төшөлдү. Курулушка 8 атайын техника жана 20га жакын кызматкер тартылган. Белгилей кетсек, буга чейин бул аймак эгин талаасы

Ишкер Media
Аймактарда толук күн иштей турган 9 бала бакча уюштуруу пландалууда

Аймактарда толук күн иштей турган 9 бала бакча уюштуруу пландалууда

Кыргызстандын аймактарында толук күндүк режимде иштей турган тогуз бала бакча уюштуруу пландалууда. Учурда алар үчүн ылайыктуу жайларды тандоо маселеси каралып жатат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 20-октябрда министрликте ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны өтүп, тогуз бала бакча үчүн жайларды тандоо жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы 128

Ишкер Media
Анимация жана улуттук балдар контентин өнүктүрүү. МинКаб кинематография менен кеңеш өткөрдү

Анимация жана улуттук балдар контентин өнүктүрүү. МинКаб кинематография менен кеңеш өткөрдү

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Кыргыз Республикасынын Улуттук кинематография кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, профилдик мекемелердин жетекчилери жана ата мекендик киноиндустриянын ишмерлери катышты. Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын 9 айында кинематография тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жыйынтыктары чыгарылып, Кеңештин мурунку жыйынынын чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү

Ишкер Media
Окуучулар үчүн 238 миңден ашык иш дептерлер чыгарылды

Окуучулар үчүн 238 миңден ашык иш дептерлер чыгарылды

"Окуу китеби" басма үйү" мамлекеттик мекемеси табигый илимдер жана математика предметтери боюнча жалпы 238 430 нуска иш дептери басылып чыгарылганын билдирди. Маалыматка ылайык, ал окуу-методикалык комплекттер аймактардагы мектептерге жеткирилип, окуучуларга таратылат. Анын ичинде 2-класстар үчүн Табигый илимдер предмети боюнча: • Кыргыз тилинде билим алган класстар үчүн

Ишкер Media