Кыргызстандын көргөзмөсү Москвадагы «Саякат» форумунда ачылды

Кыргызстандын көргөзмөсү Москвадагы «Саякат» форумунда ачылды

Москвадагы ВДНХда «Саякат» ири туристик форумунун алкагында Кыргызстандын көргөзмөсү ачылыды. Бул көргөзмө 8-июндан 11-июнга чейин уланат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фонду билдирди.

Көргөзмөдө даамдуу тамактар, улуттук оюндар, кызыктуу мастер-класстар, мода көргөзмөлөрү көрсөтүлөт. Мындан сырткары чоң бизнес пландар күн тартибинде пландаштырылган. Ал жерде Кыргызстандын турисстик компанияларынын өкүлдөрү жаңы өнөктөштөрдү таба алышат, ал эми форумдун көптөгөн коноктору өлкөбүздүн бардык туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен кеңири таанышып, ал тургай саякатка жазыла алышат.

Туризмди өнүктүрүү фондунун президентинин кеңешчиси Максат Усубалиев белгилегендей, орусиялыктар Ысык-Көлдүн жээгинде эс алууна адатка айлантышкан. Бирок азыркы тапта туризм өнүгүүдө, альпинизм, аскага чыгуу, боз үйдө жашоо, ат минүү, байыркы чептерге баруу, Тянь-Шандын бийик чокуларына чыгып келүүгө да мүмкүнчүлөктөр түзүлгөн.

Көргөзмөдө салттуу жасалгасы менен тигилген улуттук чоң боз үй элдин көңүлүн бурду.  Көргөзмөнүн жүрүшүндө төрт күн бою көптөгөн сынактар жана оюн-зооктор - улуттук оюндар, жаачылардын оюну, көчмөндөрдүн, бийчилердин жана музыканттардын салттуу тамак-ашынан даам татуу, мода-шоу, жоолуктарды, териден жана кийизден тумар жасоо, чоподон сүрөт тартуу боюнча мастер-класстар өткөрүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандарга  айып пул салынды

Жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандарга айып пул салынды

22-июндан 26-июнга чейин Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Экологиялык жана техникалык кызматтын маалыматына ылайык, рейддердин негизги максаты – жаратылышты коргоо мыйзамдарынын жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу, мыйзам бузууларды аныктоо, алдын алуу жана аларга бөгөт коюу

Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Синоптиктер Бишкек шаары жана Чүй облусунда катуу шамал болорун эскертишти. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, жакынкы бир саат ичинде борбор калаада жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15 – 20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Жарандарга коопсуздук чараларын сактоо сунушталат: бак-дарактарга, жарнама такталарына жана электр берүү линияларына жакын барбоо,

Бишкекте жаңы жол куруу пландалууда

Бишкекте жаңы жол куруу пландалууда

Бишкек шаарында Чоң Чүй каналынын жээги боюнча Үсөнбаев көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейинки тилкеде жаңы жол куруу жана жөө жүрүүчүлөр үчүн эс алуу аймагын уюштуруу пландалууда. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, долбоорду ишке ашыруунун алкагында курулуш иштерине тоскоолдук жараткан объектилер буздурулду.  Анын ичинде: 1 жеңил типтеги объект; 9

Ошто коомдук тамактануучу жайлардан түшкөн салыктар 60%га өстү

Ошто коомдук тамактануучу жайлардан түшкөн салыктар 60%га өстү

Ош шаарында коомдук тамактануучу жайларга фискалдык система киргизилгенден кийин салыктар 60%га өстү. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, пилоттук долбоор ушул жылдын март айынан тартып Бишкек, Манас жана Ош шаарларында бир учурда ишке киргизилген. Долбоордун негизги максаты — коомдук тамактануу тармагын толук санариптештирүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу. Салык кызматынын