Ошто коомдук тамактануучу жайлардан түшкөн салыктар 60%га өстү
Ош шаарында коомдук тамактануучу жайларга фискалдык система киргизилгенден кийин салыктар 60%га өстү. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, пилоттук долбоор ушул жылдын март айынан тартып Бишкек, Манас жана Ош шаарларында бир учурда ишке киргизилген. Долбоордун негизги максаты — коомдук тамактануу тармагын толук санариптештирүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу.
Салык кызматынын айтымында, жаңы фискалдык программа ишкерлерге накталай жана накталай эмес төлөмдөрдү автоматтык түрдө эсепке алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул кардар менен ишкер ортосундагы эсеп-кысаптын ачыктыгын камсыздайт.
Белгиленгендей, Ош шаарындагы коомдук тамактануу жайларынын 95%дан ашыгы жаңы система менен иштеп жатат.