«Ысык-Көл Аврора» санаторийине Бишкектен Go Bus автобустары каттай баштайт

«Ысык-Көл Аврора» санаторийине Бишкектен Go Bus автобустары каттай баштайт

15-июндан тарта Go Bus автобусу «Ысык-Көл Аврора» санаторийине каттай баштайт. Каттам Бишкектен жана Тамчыдагы «Ысык-Көл» аэропортунан каттайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Маалым болгондой, Go Bus маршруттук каттамдары Бишкектен күн сайын эртең мененки саат 8де Жеңиш аянтынан жөнөйт. «Аврорадан» кайра саат 18:00дө чыгат. Жол киренин баасы – 500 сом.

Тамчыдагы каттам аэропорттогу учактардын графигине байланыштуу болот. Жол киреси – 300 сом.

Фонд GoBus мобилдик тиркемеси аркылуу Ысык-Көлгө билеттерди сатып алса болорун эскертет.

Мындан тышкары окуңуз

Ош – Тамчы аба каттамы кайра жанданат

Ош – Тамчы аба каттамы кайра жанданат

“Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы 26-июндан тарта Ош – Тамчы – Ош багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдарын кайрадан жандантат. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, каттамдар жумасына үч жолу - дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат. Авиакомпаниянын жаңы каттамдары Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарынын тургундарына көл жээгине тез жана ыңгайлуу

Санариптик экономика боюнча мыйзамга кол коюлду

Санариптик экономика боюнча мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы Санарип экономика чөйрөсүндөгү өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” биринчи санариптик форматтагы мыйзамына кол койду. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн маалыматына ылайык, мыйзам 2026-жылдын 3-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Жогоруда

Алмаз Калыбаев Жогорку соттун судьясы болуп дайындалды

Алмаз Калыбаев Жогорку соттун судьясы болуп дайындалды

24-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордуна шайлоо үчүн Президент тарабынан сунушталган Алмаз Калыбаевдин талапкерлиги каралды. Маалыматка ылайык, талапкер тууралуу Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев кеңири маалымат берип, Алмаз Калыбаев соңку жылдары Жайыл райондук сотунун судьясы болуп иштеп келгендигин билдирди. Жыйынтыгында Жогорку

Интернет-дүкөн аркылуу баңгизат таратууга шектелген жаран кармалды

Интернет-дүкөн аркылуу баңгизат таратууга шектелген жаран кармалды

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы ири өлчөмдөгү синтетикалык маңзатты сатууга шектелген 22 жаштагы Э.Н.Б. аттуу жаранды кармады. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, шектүүнү өздүк тинтүү учурунда анын жанынан 3 граммга жакын гашиш табылган. Бишкекте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1 килограммдан ашык психотроптук заттар кир жуугуч машинанын