Алмаз Калыбаев Жогорку соттун судьясы болуп дайындалды
24-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордуна шайлоо үчүн Президент тарабынан сунушталган Алмаз Калыбаевдин талапкерлиги каралды.
Маалыматка ылайык, талапкер тууралуу Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев кеңири маалымат берип, Алмаз Калыбаев соңку жылдары Жайыл райондук сотунун судьясы болуп иштеп келгендигин билдирди.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Алмаз Калыбаевдин талапкерлигин колдоп берди. Андан тышкары, жыйында Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына сунушталган Урмат Маматкеримов талапкерлиги каралып, жактырылды.