Ош – Тамчы аба каттамы кайра жанданат

Ош – Тамчы аба каттамы кайра жанданат

“Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы 26-июндан тарта Ош – Тамчы – Ош багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдарын кайрадан жандантат. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттамдар жумасына үч жолу - дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат. Авиакомпаниянын жаңы каттамдары Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарынын тургундарына көл жээгине тез жана ыңгайлуу жетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Тамчы аэропортуна жетүү болгону бир саатка созулат.

Бир тарапка билеттин баасы 6 500 сомду түзөт. Билеттерди авиакомпаниянын расмий сайты жана мобилдик тиркемеси аркылуу кошумча комиссиясыз сатып алууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Соң-Көлдө жайыт мыйзамдарын бузгандар 82,5 миң сомго айыпка жыгылды

Соң-Көлдө жайыт мыйзамдарын бузгандар 82,5 миң сомго айыпка жыгылды

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Нарын облусу боюнча аймактык башкармалыгы жайыт жерлерин коргоо жана жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча көзөмөлдү күчөттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Мекеменин маалыматына ылайык, Ат-Башы, Нарын, Жумгал, Кочкор, Ак-Талаа райондорунун мамлекеттик администрацияларына

Чаткалдагы жарактан чыккан көпүрө калыбына келтирилет

Чаткалдагы жарактан чыккан көпүрө калыбына келтирилет

Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чандалаш айылындагы авариялык абалдагы көпүрөнүн учурдагы абалы менен жеринен таанышты. Райондук админстрациянын маалыматына ылайык, кароо учурунда көпүрөнүн жергиликтүү тургундардын коопсуздугу үчүн олуттуу коркунуч жаратып жаткандыгы белгиленип, абалды тез арада жөнгө салуу маселеси талкууланды. Ошондой эле район акими жергиликтүү калктын каттамын

Караколдо фитосанитардык талаптарды сактабаган ишкерлерге эскертүү берилди

Караколдо фитосанитардык талаптарды сактабаган ишкерлерге эскертүү берилди

Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын борбордук аппаратынын өкүлдөрү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы агроаптекаларда жана гүл саткан соода жайларында мониторинг жүргүзүштү. Бул тууралуу Айыл чара министрлигинен билдиришти. Кызматтын маалыматына ылайык, учурда Каракол шаарында 13 агроаптека жана 16 гүл саткан дүкөн иш алып барат. Мониторингдин жүрүшүндө фитосанитардык талаптардын сакталышы, өсүмдүктөрдү коргоо

Жайыттарды бузган 109 факты аныкталып, 600 миң сомго жакын айып салынды

Жайыттарды бузган 109 факты аныкталып, 600 миң сомго жакын айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жайыттарды коргоо боюнча рейддик иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүп жатат. Министрлер Кабинетинин №330 токтомунун талаптарына ылайык өткөрүлүп жаткан рейддердин жүрүшүндө жыл башынан бери жайыттарды пайдалануу эрежелерин бузган 109 факты аныкталды. Анын негизинде мыйзам бузгандарга жалпы 600 миң сомго жакын административдик айып пул