Интернет-дүкөн аркылуу баңгизат таратууга шектелген жаран кармалды

Интернет-дүкөн аркылуу баңгизат таратууга шектелген жаран кармалды

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы ири өлчөмдөгү синтетикалык маңзатты сатууга шектелген 22 жаштагы Э.Н.Б. аттуу жаранды кармады.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, шектүүнү өздүк тинтүү учурунда анын жанынан 3 граммга жакын гашиш табылган.

Бишкекте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1 килограммдан ашык психотроптук заттар кир жуугуч машинанын ичиндеги жашыруун жерге салынганы белгилүү болгон.

Тергөөнүн алдын ала маалыматына ылайык, кармалган жаран "К" аттуу интернет-дүкөндүн кызыкчылыгы үчүн иштеп, Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында баңгизаттарды кабыл алуу, сактоо, таңгактоо жана жашыруун жайлар аркылуу таратуу менен алектенип жүргөн.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, алынган баңгизаттардын кара базардагы баасы 4,5 миллион сомдон ашышы мүмкүн. Милиция кызматкерлери убагында чара көрүп, 7 миңден ашык бир жолку синтетикалык баңгизат дозаларынын таралышына бөгөт койду.

Учурда тергөө иштери улантылып, баңгизатты жеткирүү жана таратууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, жаңы “Мадина” базарына пландан тышкары баш багып, буга чейин соода жүргүзүү шарттарына жана соода орундарынан ажырап калуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирген соодагерлер менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Ишкерлер буга чейин өз кайрылууларын социалдык тармактарга жарыялашкан. Жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесине ээлик кылган ишкер долбоорду

Ишкер Media
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү Гоар Барсегян менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн аталган министрликтен билдирди. Билдирүүгө ылайык, анда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекстерин өнүктүрүү, ошондой эле өндүрүштүк кооперацияны чыңдоо маселелери

Ишкер Media
Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатты капиталдык оңдоо иштери дээрлик аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын сметалык наркы 477 миллион сомду түзөт. Иштин алкагында имараттын сырткы көрүнүшү жаңыланып, инженердик тармактары толугу менен

Ишкер Media
Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткен шаарында күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата тургундарга 2 миң 400 тонна көмүр жеткирилди. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде шаар калкына жалпысынан 5 миң тонна көмүр керектелет. "Кыргызкөмүр" ишканасы алып келген

Ишкер Media