"Баткен Агро Форум-2023" иш-чарасы болуп өттү

"Баткен Агро Форум-2023"  иш-чарасы болуп өттү

Кечээ, 13-июнда Баткен облусундагы айыл-чарба багытын өнүктүрүүгө, айыл-чарбадагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү аныктоого арналган "Баткен Агро Форум-2023" иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Баткен ЖИАнын өкүлү Муратбек Газыев билдирди.

Газыевдин айтымында, иш-чара өнөктөштөр менен бирге уюштурулуп, анда багбанчылык, дыйканчылык, мал чарбасы, кайра иштетүү  боюнча спикерлер өз тажрыйбалары менен бөлүшүшкөн.

"Форум ишкерлер үчүн айыл-чарба тармагындагы акыркы жаңылыктар, бул багыттагы жаңы технологиялар боюнча пайдалуу маалымат алмашуу аянтчасы болду", - деди Баткен ЖИАнын өкүлү.

Ошондой эле аталган иш-чара айыл-чарба продукцияларынын жарманкеси менен коштолду.

Мындан тышкары окуңуз

Москвадагы өрттүн кесепетинен 3 кыргызстандык каза тапты

Москвадагы өрттүн кесепетинен 3 кыргызстандык каза тапты

28-апрелде Москва шаарында курулуп жаткан имараттан өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 3 кыргызстандык да каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди. Бул окуяга байланыштуу министрликтин жана элчиликтин кызматкерлери тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Эскерте кетсек, Орусиянын тергөө кызматы өрттөн жалпы 8 жумушчу каза болгонун билдирип, 12 адам жабыркаганын, 31 адамды куткарып калууга

Мыйзамсыз алынып келе жаткан 1 млн сомдук товарлар аныкталды

Мыйзамсыз алынып келе жаткан 1 млн сомдук товарлар аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери өлкөнүн аймагына тиешелүү коштомо документтери жок ар кандай товарларды мыйзамсыз ташып кирүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө пунктунда жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө автотетиктерди, электр шаймандарын жана башка буюмдарды алып келе жаткан жүк ташуучу унаа аныкталды. Жүктү

Жогорку Кеңеш Жарандык кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүнү 3-окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш Жарандык кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүнү 3-окууда кабыл алды

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору 3-окууда жактырылып, кабыл алынды. Мыйзам долбоору боюнча баяндама менен Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Жаныбек Абиров баяндама жасады. Эл өкүлүнүн айтымында, долбоордун негизги максаты жарандык мамилелерди өркүндөтүү, исламдык каржылоонун инструменттерин колдонуу

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жоюлуп, Президенттин иш башкармалыгына кошулду

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жоюлуп, Президенттин иш башкармалыгына кошулду

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Санариптик өнүктүрүү министрлиги жоюлуп, Президенттин иш башкармалыгына кошулду. Мындан ары санариптик саясатты координациялоо толугу менен Президенттин иш башкармалыгына жүктөлөт. Маалыматка караганда, өлкөдө санариптештирүү боюнча жетишкендиктер бар болгону менен, айрыкча бизнес үчүн бюрократиялык тоскоолдуктар сакталууда. Ошондой эле аймактарда санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жетишсиз экени айтылат. Жаңы