Жер титирөөгө байланыштуу социалдык объектилердин техникалык абалы текшерилди

Жер титирөөгө байланыштуу социалдык объектилердин техникалык абалы текшерилди

29-майда Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун берген маалыматы боюнча саат 14:15те Жалал-Абад аймагында күчү 4,6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Сары-Булак айылынан 10 чакырым, ал эми Казарман айылынан 27 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан улам Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, жер титирөө катталган аймактардагы бир катар социалдык объектилердин техникалык абалына ыкчам текшерүү иштери уюштурулду.

Текшерүү иштери Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун жетекчилиги алдында министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлдү.

Иш-чаранын алкагында жер титирөөнүн күчү (4,6 балл) жогору сезилген Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Сары-Булак, Ничке, Чогорчу, Бирлик жана Көл айылдарында жайгашкан социалдык объектилердин конструкциялык абалы текшерилип, имараттардын дубалдары жана башка негизги элементтерине визуалдык-техникалык кароо жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында объектилерде кооптуу жагдайлар, деформациялар жана конструкциялык өзгөрүүлөр аныкталган жок. 

Курулуш министрлиги жарандарды тынчсызданбоого чакырат. Эл аралык тажрыйбага ылайык, сейсмикалык текшерүүлөр негизинен 6 баллдан жогору жер титирөө катталган аймактарда жүргүзүлөт. Ал эми 4-5 баллдык жер титирөөдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан имараттар визуалдык кароодон гана өтөт. Бүгүнкү текшерүү министрликтин демилгеси менен эпицентрге жакын аймактардагы социалдык объектилердин техникалык абалын кошумча баалоо максатында уюштурулду.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан 2027-жылга дары-дармекти биргелешип сатып алууну талкуулады

Кыргызстан менен Казакстан дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөп жатат. Бул маселе Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусунун алкагында талкууланды. Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Казакстандын саламаттык сактоо министри Акмарал Альназарова менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда кыргыз тарап Түрк мамлекеттер уюмуна кирген

Ишкер Media
Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бишкекте мугалимдер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чарада Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерге шаардык кеңештин сыйлыктарын тапшырды. Усеналиев мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги коомдун келечегин калыптандырууда

Ишкер Media
Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Депутаттар бала бакча менен мектепке муктаж аймактарды айтып чыгышты

Жогорку Кеңештин депутаттары отурумда кайсы аймактарга бала бакча менен мектеп керектигин айтып чыгышты. Бурул Аманова 30-сентябрдагы ЖКнын отурумунда Баткен облусунун Тамаша жана Көтөрмө айылдарынын тургундары өкмөттөн бала бакча куруп берүүнү суранышканын айткан. Анын айтуусу боюнча айылдыктар бала бакча үчүн имаратты ижарага алышат, кезекте болсо 100 бала турат. Ошондой эле

Ишкер Media
Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жылына миллионго жакын көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын токой өөрчүтүү жана 2 миң гектардан ашык аянттагы токойду калыпка келтирүү үчүн 1 миллиондон ашык көчөттөр отуругузулат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мамлекеттик токой фондунун аймагына жыл сайын 3 миң килограммдай токой уруктарын себишет. Бир эле убакта токойлорду коргоо жана

Ишкер Media