Борбордук Азиянын ийгилиги. Миссия ишке ашабы?

Борбордук Азиянын ийгилиги. Миссия ишке ашабы?

Борбордук Азия өлкөлөрүн бир гана совет доору, жалпы чек аралар, улуттар аралык никелешүүлөр жана чек арадагы суу ресурстары гана эмес, бирдей экономикалык көйгөйлөр да бириктирип турат. 2022-жылы алар жаңы геосаясий реалдуулукка туш болушту, анда алдыңкы өнөктөштөрдүн бири дипломатиялык костюмдун ордуна бушлатты тандап алды. Андан бери эмне өзгөрдү жана бул алардын экономикалык абалына кандай таасир этти?

ИДП. Баары салыштырганда билинет

Экономиканын негизги макроэкономикалык көрсөткүчү ички дүң продукт болуп эсептелет. Аны салыштырышат, аны менен сыймыктанышат, аны жашырышат, бирок бардык премьерлер жана президенттер аны көбөйтүүнү кыялданышат.

2021-жылы беш өлкөнүн (Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан) жалпы көрсөткүчү 347 миллиард долларды түзгөнүн Евразия өнүктүрүү банкынын отчетунда көрсөтүлгөн. Өткөн жылдагы регион боюнча жалпы көрсөткүчтөрдү айтууга эксперттер шашылышкан жок. Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банк аналитикалык баяндамаларында Түркмөнстан берген маалыматтарды ишенимдүү жана сапаттуу эмес деп эсептөөдөн баш тартышты.

2022-жылы башкы макро көрсөткүч региондо ишенимдүү өсүштү көрсөттү.

Экономисттердин пикири боюнча, бул Россия Федерациясынан Борбордук Азияга сатып алуу жөндөмдүүлүгү жогору жарандардын жана чет өлкөлүк бизнес-корпорациялардын релокациясы менен байланыштуу болду.

Алсак, Казакстанга филиалдары көчүп , Honeywel, Emerson, Great Wall Motors, Knauf, Youngsan сыяктуу дүйнөгө белгилүү бренддер жана башка көптөгөн компаниялар өндүрүш жайларын «эвакуациялашты». Озон дагы Астана шаарында логистикалык парк ачып жатканы белгилүү болду.

Көп сандагы “келгиндердин» негизги бенефициары региондогу экономикасы эң кыйла өнүккөн Казакстан болду – ИДП көлөмү 221 млрд долларды түздү (киши башына – 11 494,3 доллар).

Өзбекстан 2021-жылдын ИДПсына караганда он миллиардга жакын өсүп, 8,5 миллиард доллардан 80 миллиард долларга чейин жетсе,  ал эми Кыргызстан 10,93 миллиард долларга жакындады, Тажикстан болсо 8,7 миллиард доллардан 10,49 миллиард долларга чейин өсүш көрсөттү.

Бирок, эксперттер  релокация эффектиси убактылуу көрүнүш экенин, анын натыйжалуулугу жылдын экинчи жарымынан тартып  төмөндөй баштаарын эскертишүүдө.

Региондогу өлкөлөрдүн ИДПсы канчалык жогору?

Сингапурда ИДП-467 миллиард долларды, Катарда - 237 миллиард долларды түзөт. Сингапурда калктын киши башына ИДП - 67 360 доллардан ашык, Катарда - 63 783 доллардын тегерегинде (2022-жылдагы маалыматтар). Ошол эле учурда 2022-жылы Кыргызстанда калктын киши башына ИДП 1 607,3 долларды түздү.

Сандар боюнча, башка өлкөлөр континенттеги коңшулары менен интеграцияланып, экономикаларын чындап өнүктүрүп жатканда, региондогу өлкөлөр акыркы 30 жылдан бери жакырчылыктагы тең салмактуулукту сактап келет.

Ири ресурстук база

Региондогу өлкөлөрдүн тышкы соода жүгүртүүсү Кытайдан келген реэкспорттун негизинде 20 жылдын ичинде алты эсеге өстү.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экспортунун олуттуу бөлүгү мурдагыдай эле минералдык продуктуларга (50% дан ашык), ал эми дээрлик 16% металлургия продукциясына туура келет. Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан көбүнчө алтынды чет өлкөлөргө экспорттойт.

Мындан тышкары, Өзбекстан жана Кыргызстан азык - түлүктү экспорттоого, ал эми Тажикстан рудалык концентраттарды жана металлдарды экспорттоого адистешкен.

Түркмөнстан жаратылыш газынын запасы боюнча дүйнөдө 4 - орунда турат, анын экспортунун негизин албетте газ түзөт. Ал эми башка тармактар каралбай, тийиштүү көңүл бурулбай, каржыланбай келет. Кайра иштетүүчү өндүрүштөрдүн тартыштыгы, илимий-техникалык жактан артта калуу, өнөкөт инфраструктуралык көйгөйлөр жана океанга чыга албагандыгы - региондогу өлкөлөрдүн визиттик карточкасы болуп саналат.

Инвесторлор аймакты сырьелук база катары гана кабыл алганы, ал эми мамлекеттердин өзүндө глобалдык инфраструктуралык долбоорлорго каржылары жетишпей жатканы таң калыштуу деле көрүнүш эмес. Анда эмесе, статистика төмөнкүдөй.

Казакстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2022 - жылы тарыхый жактан эң жогорку деңгээлге - $134,4 млрд жетти. Өзбекстандын статистикасы бир кыйла жөнөкөй - $50,01 млрд түздү. Түркмөнстандын тышкы соода жүгүртүүсү $20 млрд, ал эми Кыргызстан менен Тажикстан $11,8 млрд жана $7,3 млрд түзгөн. Соода профицити Казакстан менен Түркмөнстанда гана байкалат.

Интеграция: кечээ, бүгүн, эртең

COVID-19 пандемиясы жана тышкы геосаясий коркунучтар Борбордук Азия мамлекеттеринин экономикасынын канчалык алсыз экендигин көрсөттү. Ошол эле учурда жабык жана ошол эле учурда континенттин үстөмдүктөрүнө – Россияга жана Кытайга көз каранды, алар жергиликтүү валюталарды колдоого көп учурда натыйжасыз эбегейсиз зор каражаттарды коротушат жана дүйнөлүк эмгек мигранттарын туруктуу түрдө толуктап, тышкы карызын улам сайын жогорулатып келишүүдө..

Алсак, 2023-жылдын 1-апрелине карата Казакстандын тышкы карызынын көлөмү $161,4 млрд (ИДПга карата 24,9%), Өзбекстандыкы - $29,2 млрд (ИДПдан 36,4%) түзгөн. Кыргызстан Казакстан менен Өзбекстандын фонунда 5 миллиард 623,14 миллион доллар карызы менен кооптоно турган эч нерсеси жоктой. Кыргызстандын кредиттик тарыхы коңшулардыкына караганда алда канча начар абалда. Мамлекеттик карыз ИДПнын 53,03% түзөт.

Тажикстандын тышкы карызынын жалпы көлөмү үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата 3 миллиард 228,3 миллион долларды (ИДПга карата 28,5%) түздү. Буга чейин Тажикстандын тышкы карызынын көбү Кытайдан келгени БУУнун эксперттерин тынчсыздандырган.

Jusan Analytics Түркмөнстан боюнча акыркы маалыматтары боюнча: 2023-жылдын башында өлкөнүн мамлекеттик карызы 2,8 миллиард долларды же өлкөнүн ИДПсынын 8% түзгөн.

Дегеле региондогу ар бир мамлекет башчынын алдында эң алгач тандоо турат: насыя алуу – келечек муун үчүн өз колу менен карызга батыруу, ал эми андан баш тартуу – жарандардын салыштырмалуу сапаттуу жашоодон ажыратуу дегендик.

Толук кандуу региондук интеграция - туюк чөйрөдөн чыгуунун жолу экенин бардык мамлекет башчылары тааныйт, бирок процесс, декларациялар, эки өлкөнүн ортосунда мамлекеттер аралык фонддорду жана бизнес кеңештерди түзүү менен гана чектелет.

Бирок акыркы аптадагы жаңылыктар кубандырат: эми кыргызстандыктар Казакстанда 90 күнгө чейин каттоосуз жүрө алышат. Дагы бир маанилүү кабар - Тажикстан Өзбекстан, Кыргызстан жана Түштүк Казакстандын энергетикалык шакекчесине кошулат.

  1. - августта Ашхабадда Борбор Азиянын үч өлкөсүнүн лидерлеринин жолугушуусунун жыйынтыгында Түркмөнстан коңшулары Тажикстан менен Өзбекстанга газ тармагындагы стратегиялык өнөктөштүктү сунуштаганы белгилүү болду.

Саясат таануучу Аркадий Дубнов бул жолугушуу кандай болгон күндө да Түркмөнстандын региондор аралык кызматташтыкка кошулууга, коңшу өлкөлөр менен жалпы структураларды түзүүгө даярдыгын көрсөткөнү менен кызыктуу деп эсептейт. Ал ошондой эле Каримовдун көзү өтүп, Мирзиеев бийликке келгенден кийин мамлекеттер аралык кызматташтыктын динамикасы жана тереңдиги кескин өскөнүн белгилейт.

"Мирзиеевдин келиши менен концепция өзгөргөнү белгилүү. Өзбекстан үчүн азыр коңшулар менен мамиле артыкчылыктуу", - деп белгиледи Дубнов.

Мындан тышкары, 2023-жылдын сентябрында Душанбеде Кыргызстандын, Өзбекстандын, Казакстандын президенттеринин катышуусунда Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын V юбилейлик консультативдик жолугушуусу өтөт. Балким, ал тарыхый жана чечүүчү болуп калат.

Монголия да регионалдык интеграциялык аракеттерге кошулууга даярдыгын жигердүү көрсөтүп, саясий жана соода кызматташтыгын туруктуу өнүктүрүп жатат.

Барган сайын коомчулукта жана эксперттер тарабынан: "Улуттук эгемендүүлүктү жоготпостон бизнес-сектор, илимий прогресс, глобалдык мамлекеттер аралык программаларды ишке ашыруу үчүн чындап эле уникалдуу мейкиндик түзүлгөндө, аймакта Евросоюзга окшогон экономикалык-саясий бирикмени түзүү мүмкүнбү?" – деген суроо айтылып келет.

Барган сайын актуалдуу жана экономикалык суроого жооп, улуттук элиталардын саясий эркинде жана алардын чечкиндүү иш-аракеттерге даярдыгында экени түшүнүктүү.

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку Кеңеште мыйзам долбоорун кароону, тапшырууну санариптик түргө өткөрүү сунушталды

Жогорку Кеңеште мыйзам долбоорун кароону, тапшырууну санариптик түргө өткөрүү сунушталды

Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорлорун тапшыруу жана кароо процессин электрондук форматка өткөрүүнү караган мыйзам долбоору киргизилди. Документ парламенттин регламенти жана ченемдик укуктук актылар тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт. Өзгөртүүлөрдүн маңызы — документтерди бир эле учурда кагаз жана электрондук түрдө милдеттүү түрдө тапшыруу талабынан баш тартуу. Анын ордуна мыйзам долбоорлорун жана коштоочу материалдарды

Аскер комиссариаттын кызматкери акча алып жатканда кармалды

Аскер комиссариаттын кызматкери акча алып жатканда кармалды

Ноокат райондук аскер комиссариатынын кызматкери опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кармалды.Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, атайын кызматтын Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында 28-апрелде 2-бөлүмдүн башчысы С.у.М. опузалап талап кылынган акчаны алып жаткан учурда кармалган. Бул факт боюнча

Медициналык кароосуз мигранттарга иштөөгө уруксат жок

Медициналык кароосуз мигранттарга иштөөгө уруксат жок

Кыргызстанда эмгек мигранттары үчүн милдеттүү медициналык көзөмөл киргизүүнү караган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ тышкы эмгек миграциясы жана жарандардын саламаттыгын коргоо тууралуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт. Долбоорго ылайык, өлкөгө иштөө үчүн келген чет өлкөлүк жарандар төмөнкүлөрдөн өтүшү керек: * эмгек ишмердигин баштоодон мурун милдеттүү медициналык кароодон өтүү; * уруксат берүүчү документтерди

ЕАЭБ өлкөлөрү учактарды импорттоого карата бажы алымын нөлгө түшүрүштү

ЕАЭБ өлкөлөрү учактарды импорттоого карата бажы алымын нөлгө түшүрүштү

Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр Казакстандын сунушу менен учактарды импорттоого карата бажы алымын 12 жылга нөлгө түшүрүшкөнүн Казакстандын Соода министрлиги билдирди. ЕАЭБге Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия кирет. Бул өлкөлөр бирдиктүү бажы аймагын түзгөндүктөн, үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон көпчүлүк товарларга бирдиктүү бажы алымдары колдонулат. Буга чейин учактарды импорттоодо бажы алымы