Алматыдан Караколго авиакаттам ачылды

Алматыдан Караколго авиакаттам ачылды

5-декабрдан тарта Алматы - Каракол түз аба каттамы ачылганы “Кабар” агенттигине “Кыргызстан аэропорттору” ААКтан билдиришкен.

Маалыматка ылайык, каттам Кыргызстандын мамлекеттик Asman Airlines авиакомпаниясы тарабынан ачылган. Жумасына эки ирет - жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.“Аба каттамы азырынча кышкы сезон учурунда гана ачылып жатат. Билеттердин баасы 6500 сом, 39 000 теңге, же 75 долларды түзөт. Азыр казакстандыктарга ыңгайлуу болгон төлөм системасы караштырылып жатат”, - деп белгилешкен аэропорттон.

Белгиленгендей, билеттер Asman Airlines авиакомпаниясынын тиркемесинде жеткиликтүү.


_Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Хканалдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкектеги 8 акча алмаштыруу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салынды

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень отургузулду

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?

Кызыл-Кыядагы курулуш боюнча 200 миң сом айып пул салынды