МИК 35, 40 кабаттуу 14 үйдү куруп баштады

МИК 35, 40 кабаттуу 14 үйдү куруп баштады

Бишкек шаарынын Достоевский көчөсүндө, Анкара көчөсүнө жакын жайгашкан жерде МИК жаңы объектини куруп баштады. Бул жерде 35 кабаттан турган 10 үй, ошондой эле 40 кабаттан турган 4 үй куруу пландаштырылып жатат. Жалпы батирлердин саны - 4 160 батир. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКсынын калк менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлзат Тотубаева билдирди.

Анын айтымында, турак жай комплексинде үч деңгээлдүү жер алдындагы унаа токтотмо болот. Мындан тышкары, спорт аянтчалары, балдар аянтчалары – кыскасы, ыңгайлуу жашоо үчүн керектүү бардык шарттар каралган.
“Көпчүлүк жарандарыбыз “Бишкек шаарында мындай бийик имараттарды курууга болобу?” – деген суроо берип жатышат. Биз ишенимдүү айта алабыз: бул комплекс толугу менен сейсмологиялык стандарттарга жооп берет. Бардык эсептөөлөр, конструкциялар жана коопсуздук нормалары бирдиктүү талаптарга ылайык аткарылган.

Демек, жарандар өз коопсуздугу үчүн тынчсызданбашы керек. Жалпысынан биздин курулуп жаткан үйлөрдүн сапаты бир нече этаптан турган текшерүүдөн өтөт. МИКтин өзүнүн курулуш бөлүмү бар жана алар дайыма курулуштун сапатына көзөмөл жүргүзүп турушат”, — деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media