Мыйзамсыз менчиктештирилген 11,1 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Мыйзамсыз менчиктештирилген 11,1 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Жалал-Абад облусунун Жийде айылындагы мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Букл тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Жалал-Абад облусунун прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө Сузак районуна караштуу Жийде айылында жайгашкан мурдагы профилакторияга тиешелүү 1 140 чарчы метр жер тилкеси жана имараты мыйзамсыз жеке менчикке өткөнү аныкталды.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында базар баасы 11,1 млн сомду түзгөн объект мамлекеттик менчикке кайтарылды.

Мындан тышкары окуңуз

Президент жарандык берүү жана жарандыктан чыгуу боюнча жарлыктарга кол койду

Президент жарандык берүү жана жарандыктан чыгуу боюнча жарлыктарга кол койду

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу, жарандыктан чыгуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, жарандык алган адамдардын арасында тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар басымдуулук кылат. Ошондой эле мурда Кыргызстандын жарандыгынан чыгып, учурда

Быйыл Бишкек инфраструктурасын өнүктүрүүгө 611,2 млн сом бөлүнгөн

Быйыл Бишкек инфраструктурасын өнүктүрүүгө 611,2 млн сом бөлүнгөн

Быйыл Бишкек шаарында 64 инфраструктуралык объектти ишке ашырууга 611,2 миллион сом каралган. Бул тууралуу борбор калаанын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктарына арналган коллегиялык жыйында маалымдалды. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын маанилүү окуяларынын бири Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын бекитилиши болду. Документ борбор калааны алдыдагы 25 жылда өнүктүрүүнүн

Караколдо жаңыланган Пушкин сейил багы пайдаланууга берилди

Караколдо жаңыланган Пушкин сейил багы пайдаланууга берилди

Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы борбордук сейил бак реконструкциядан кийин пайдаланууга берилди. Жаңыланган эс алуу жайынын ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Кечээ Каракол шаарындагы А.С. Пушкин атындагы борбордук сейил бак реконструкциядан кийин расмий түрдө пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин

Бишкектеги эки мектеп жаңыланып, заманбап спорт аянтчалары курулууда

Бишкектеги эки мектеп жаңыланып, заманбап спорт аянтчалары курулууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев №58 жана №112 мектептерде жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Мэриянын маалыматына ылайык, №58 мектептин аймагында кичи футбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут жана балдар аянтчалары курулууда. Ошондой эле тышкы жарыктандыруу орнотулуп, чуркоо жолдору, пандустар жана отургучтар коюлат. Мындан тышкары, тротуарлар менен