Жер титирөөнү алдын ала эскертүүчү аппарат ойлоп чыгарган Бакытбек Мойдунов патент алууга даярданууда

Жер титирөөнү алдын ала эскертүүчү аппарат ойлоп чыгарган Бакытбек Мойдунов патент алууга даярданууда

Жер титирөөнү алдын-ала эскертүүчү аппарат ойлоп тапткан Бакытбек Мойдунов Кыргызпатентке келип, тиешелүү адистерден, ойлоп табуусун патенттөө боюнча кеп-кеңеш алганын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Бакытбек Мойдунов күчү 5 баллдан ашкан жер титирөө болгондо сигнал берчү аппарат ойлоп тапкан. Бул идеясын ал сейсмолог-адистер менен кеңешип ишке ашырганын айтат.

"Анын маалыматында, жер катуу силкинерден мурда, толкун пайда болот. Ошол толкун башталаары менен, аппараттын сигналы ишке кирип, уйкудагы адамдарды ойготууга жардам берет. Келечекте, Бакытбек Мойдунов, ойлоп табуусун патенттеген соң, электр энергиясын колдонбой, күндүн энергиясы менен иштей турган аппараттарды чыгарып, сатууну пландап жатканын кошумчалады", - дейт мекеме.

Ошондой эле Кыргызпатенттин басма-сөз кызматы ойлоп табуучу менен чакан маегин өзүнүн Фейбук баракчасына жүктөдү.

Мындан тышкары окуңуз

Төрөбаев дүйнөлүк корпорацияларды экономикалык кызматташтыкка чакырды

Төрөбаев дүйнөлүк корпорацияларды экономикалык кызматташтыкка чакырды

16-июнда Кытайдын Циндао шаарында өткөн трансулуттук корпорациялардын лидерлеринин VII саммитине президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев катышып, сөз сүйлөдү. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, саммитке алдыңкы эл аралык компаниялардын жетекчилери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты. Өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтык

Октябрь районунун мурдагы акими жаңы кызматка дайындалды

Октябрь районунун мурдагы акими жаңы кызматка дайындалды

Жаныбек Орозалиев Бишкек шаардык билим берүү департаментинин жетекчиси болуп дайындалды. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, тиешелүү буйрукка баш калаанын мэри Айбек Жунушалиев кол койгон. Мурда бул кызматты Рахат Мусаева аткарып келген. Жаныбек Орозалиев Октябрь районунун акиминин милдетин аткарган. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер

Казакстандан алынып келинген 23,8 тонна күрүч артка кайтарылды

Казакстандан алынып келинген 23,8 тонна күрүч артка кайтарылды

“Чалдыбар автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда Казакстандан импорттолуп кирген 23800 кг күрүч фитосанитардык көзөмөлдөө учурунда продукциянын таңгагында маркировка жок экендиги аныкталган. Мындан улам ташылып келе жаткан күрүч кайра артка кайтарылган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин чечимине ылайык, карантинге алынган продукциянын ар

Чүйдө балык уулоо эрежелерин бузган жарандарга айып салынды

Чүйдө балык уулоо эрежелерин бузган жарандарга айып салынды

Жайыл району жана Суусамыр өрөөнүндө балык уулоо эрежелерин бузган жарандар аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл кызматы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мыйзам бузуулар Чүй регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жаратылышты коргоо боюнча жүргүзгөн рейд учурунда аныкталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө балык уулоо эрежелерин бузган жарандарга Укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде