Төрөбаев дүйнөлүк корпорацияларды экономикалык кызматташтыкка чакырды

Төрөбаев дүйнөлүк корпорацияларды экономикалык кызматташтыкка чакырды

16-июнда Кытайдын Циндао шаарында өткөн трансулуттук корпорациялардын лидерлеринин VII саммитине президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев катышып, сөз сүйлөдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, саммитке алдыңкы эл аралык компаниялардын жетекчилери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.

Өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтык ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгиледи. Ал соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштардын кеңейип жатканын айтып, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 27 миллиард АКШ долларына жеткенин маалымдады.

Ошондой эле ал өлкөдө жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалар, өнөр жайды өнүктүрүү, инфраструктураны жаңылоо, энергетикалык коопсуздукту чыңдоо жана инвестициялык жагымдуулукту арттыруу боюнча көрүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Саммиттин катышуучуларына Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасынын артыкчылыктуу багыттары сунушталып, транспорттук инфраструктура, энергетика, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарындагы келечектүү долбоорлор тааныштырылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө темир жол тармагын өнүктүрүү, жашыл энергетика объектилерин куруу жана заманбап өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүү боюнча демилгелер катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун жаратты.

Мындан тышкары окуңуз

Баткендин Чек айылында жаңы ичүүчү суу системасы курулууда

Баткендин Чек айылында жаңы ичүүчү суу системасы курулууда

Ичүүчү суу менен камсыздоо департаменти тарабынан Баткен облусунун Чек айылында жаңы ичүүчү суу системасы курулууда. Долбоор аяктаса, 5 миңден ашуун тургун таза жана коопсуз суу менен камсыз болот. Бул тууралуу Айыл чаба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, долбоор "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" программасынын алкагында ишке ашууда. Учурдагы

Ишкер Media
Бишкекте 5 автобус каттамы убактылуу өзгөрөт

Бишкекте 5 автобус каттамы убактылуу өзгөрөт

Бүгүндөн тарта Бишкектеги Махатма Ганди көчөсүндө жол оңдоо иштерине байланыштуу транспорт кыймылы чектелет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. Билдрирүүгө караганда, ага байланыштуу №6, 36 жана 169-автобустар Гагарин көчөсү аркылуу жүрүп, №4 шаардык ооруканага кирбей өтөт. Ошондой эле №23 жана 18-автобустардын схемасы өзгөрөт. Борбор калаанын мэриясы шаар

Ишкер Media
ЖК комитети Токтогул ГЭСин куруудагы компенсацияны көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

ЖК комитети Токтогул ГЭСин куруудагы компенсацияны көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычты курууда келтирилген зыян үчүн компенсациянын көлөмүн көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Парламенттин маалыматына караганда, аталган мыйзам долбоорун ЖКнын Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети 20-октябрдагы жыйынында карап,

Ишкер Media
Жоокерлерди үйүнүн курулушуна иштеткен командир кармалды

Жоокерлерди үйүнүн курулушуна иштеткен командир кармалды

Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Улуттук гвардиясынын аскер бөлүгүнүн командири кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлайт. Маалым болгондой, УКМК менен Аскер прокуратурасы биргеликте Коргоо министрлигинин Улуттук гвардиясынын аскер бөлүктөрүнүн биринин командири И.А.нын жеке үйүнүн курулушуна өзүнө баш ийген келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерин системалуу

Ишкер Media