Кыргызстанда турак-жай Өзбекстан менен Казакстанга караганда арзан – себептерин эксперт түшүндүрөт

Кыргызстанда турак-жай Өзбекстан менен Казакстанга караганда арзан – себептерин эксперт түшүндүрөт

Кыргызстанда турак жайга суроо-талап аз болгондуктан анын баасы Өзбекстан менен Казакстанга салыштырмалуу арзан. Бул тууралуу Economist.kgге ЖИА бизнес-ассоциациясынын курулуш бөлүмүнүн башчысы Чолпонбек Акматов билдирди.

Акматовдун айтымында, коңшу өлкөлөрдө турак-жайдын баасын кармап турган негизги факторлордун бири – калктын сатып алуу жөндөмдүүлүгү Өзбекстан менен Казакстанда жогору. Кыргызстанда болсо абал тескери – базар тар, калк аз жана элдин сатып алуу жөндөмдүүлүгү да төмөн. Мына ушуга байланыштуу курулуш компаниялары баа менен өз наркынын ортосундагы бир аз айырмасы менен гана иштеши керек.

Анын айтымында, Өзбекстан менен Казакстанда эконом-класстагы үйлөрдүн чарчы метринин баасы 900 доллардан башталат. Ошол эле учурда, сатып алуучу өзү тосмолорду орнотуу, электр байланышын жана жылытууну жүргүзүү сыяктуу нерселерди өзү жасашы керек. Акматов мындай үйлөр негизинен шыптары жапыз экенин белгилеп, жадагалса Кыргызстанда андай үй салынбай турганын кошумчалады.

Акматов учурда Кыргызстандын базарында жаңы курулуп жаткан үйлөрдөгү батирлердин чарчы метринин баасы 650 доллардын тегерегинде экенин билдирди. Ошол эле учурда экинчи рынокто сериялык үйлөрдүн бир чарчы метринин баасы 1200 доллардан башталат. Анын пикиринде, мындай үйлөр үчүн баа өтө кымбат, анткени алар көп учурда жылууланбаган жана коммуникациялары эскирген.

Анын айтымында, КРдагы экинчи даражадагы турак-жайга болгон баалардын кымбатташы кыргызстандык курулуш компаниялардын суроо-талапты жаба албагандыгынан жана адамдар негизги эмес, экинчи кезектеги турак-жайды сатып алууга аргасыз болуп жаткандыгы менен түшүндүрүлөт.

"Бул нормалдуу көрүнүш эмес, нормалдуу өлкөлөрдө биринчи турак жай ар дайым экинчи турак жайга караганда кымбатыраак болот. Панелдүү үйлөрдү жаңы үйлөр менен салыштырууга болбойт, анткени бөлмөлөрү көп, коммуникациялары жаңы, шыптары бийик. Эмнегедир эл Совет мезгилиндеги салынган үйлөрдү жакшыраак деп ойлошот, бирок ар бир советтик үйдөн көп кемчиликтерди тапса болот", - деди Акматов.

Ал кошумчалагандай, Өзбекстан менен Казакстандагы кардарларга караганда Кыргызстандагы кардарлар кылдан кыйкым издеп турушат. Себеби, коңшу өлкөлөрдө турак жай негизинен ипотекага сатылып, кардар эмес, банк кардар катары сатып алат. Ал эми банк маанилүү майда-чүйдө нерселерге көңүл бурбайт.

Мындан тышкары окуңуз

Кадамжайда курулуп жаткан мектептин бетонунун сапаты текшерилди

Кадамжайда курулуп жаткан мектептин бетонунун сапаты текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай районунда курулуп жаткан 150 орундуу мектептин курулушунда колдонулган бетондун бекемдиги атайын көчмө лабораториянын жардамы менен текшерилди. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери Баткен облусунун Кадамжай районундагы Эшме айылында курулуп жаткан 150 орундуу мектептин курулушунда бетондун бекемдигин текшеришти. Министрликтин маалыматына

Кыргызстандын жалпы карызы 10 млрд долларга жакындады

Кыргызстандын жалпы карызы 10 млрд долларга жакындады

2026-жылдын май айынын аягына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 9 миллиард 952 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жыл башынан берки беш айда мамлекеттик карыз 1 миллиард доллардан ашык көбөйгөн. Ошол эле учурда тышкы карыз азайып, ички карыз, тескерисинче өскөн. Май айынын аягына карата өлкөнүн

Улуттук банктын алтын монеталарынын саны алтыга жетти

Улуттук банктын алтын монеталарынын саны алтыга жетти

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Улуттук банк чыгарган жаңы алтын коллекциялык монета өлкөнүн нумизматика тарыхындагы дагы бир маанилүү окуя болуп калды. Баасы 99 миң 460 сом болгон бул монета расмий төлөм каражаты макамына ээ. Бирок аны нумизматикалык баалуулук катары баалагандар күнүмдүк төлөм үчүн эмес, көбүнчө коллекциясын байытып, инвестиция жасоого же

Корук жана улуттук парктардын аянтын кыскартууга тыюу салуу сунушталды

Корук жана улуттук парктардын аянтын кыскартууга тыюу салуу сунушталды

Кыргызстанда мамлекеттик жаратылыш коруктарынын, улуттук парктардын жана башка өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын аянтын кыскартууга, ошондой эле алардын коргоо макамын төмөндөтүүгө 20 жылдык мораторий киргизүү сунушталды. Долбоор коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, мораторий күчүнө кирсе, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын чек араларын өзгөртүүгө, аянтын