Кыргызстанда Англиядагы сезондук иштерге онлайн-каттоо ачылды

Кыргызстанда Англиядагы сезондук иштерге онлайн-каттоо ачылды

Эмгек министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды жумушка орноштуруу борбору Улуу Британияда HOPS Labour Solutions Ltd компаниясы аркылуу сезондук айыл чарба иштерине онлайн-каттоо башталарын билдирди.

Каттоо 2025-жылдын 8-декабрында саат 12:01де ачылып, 11-декабрда саат 23:59да (Бишкек убактысы) жабылат. Өтүнмөнү www.migrant.kg Борбордун www.migrant.kg расмий сайты жана info.migrant.kg instagram-баракчасы аркылуу берсе болот.

Каттоого катышуу үчүн жарактуу чет өлкөлүк паспорт жана паспорттогу аты-жөнүңүзгө ылайык түзүлгөн Gmail электрондук почтасы талап кылынат. Онлайн-каттоо программага болгон кызыгууңузду гана тастыктайт жана кийинки этаптарга катышууга кепилдик бербейт.

Орус тили боюнча онлайн-тест 2026-жылдын январында, персоналдык маектешүүлөр февралда өтөт. Иш апрель айынын башында башталат. Эмгек акы — саатына 12,71 фунт стерлинг, жумасына минималдуу 32 саат. Визанын баасы — 319 фунт, авиабилет өзүнчө төлөнөт.

Талапкерлер 18 жаштан жогору, орус тилин жакшы билген, ошондой эле физикалык жана психологиялык абалы канааттандырарлык болушу керек. HOPS аялдардан түшкөн арыздарды кубаттайт. Мурда HOPS программасы менен Улуу Британияда иштегендер түздөн-түз оператор менен байланышууга тийиш.

Тандоо процесси толугу менен HOPS тарабынан жүргүзүлөт. Жумушка орноштуруу борбору тандоого катышпайт. Программа толук акысыз. Эгер кимдир бирөө акча талап кылса же шектүү аракеттер катталса, билдирүүсү Complfints@hopls.com дарегине жөнөтүлүшү керек.

Мындан тышкары окуңуз

Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

13-октябрга караган түнү Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу жолдорго өз убагында кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлдү. Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу ашуулардын айрым тилкелеринде жол кыймылы жайлап, айдоочулардын унааларын жайкы дөңгөлөктөр менен башкаруусунан улам ашууларда майда тыгындар жаралды. "Айдоочулардан

Ишкер Media
6 жылдын ичинде бажы төлөмдөрүнүн түшүүлөрү болжол менен 7,4 эсе өстү

6 жылдын ичинде бажы төлөмдөрүнүн түшүүлөрү болжол менен 7,4 эсе өстү

6 жылдын ичинде бажы төлөмдөрүнүн түшүүлөрү болжол менен 7,4 эсе өстү - 2020-жылы 21,3 млрд сомдон, 2025-жылдын жыйынтыгы менен 158 млрд сомду түздү. Ал эми ушул жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен 138, 9 млрд сом чогултулду. Бул бажылык администрациялоону модернизациялоонун негизги натыйжаларынын бири гана. Мындай билдирүүнү Бажы

Ишкер Media
Ысык-Көлдөн 2 миң метр эски тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 2 миң метр эски тор чыгарылды

Ысык-Көлдүн акваториясын тазалоо боюнча кезектеги рейд өттү. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл башкармалыгы Орто-Өрүктү, Кичи-Өрүктү жана Дархан-Тосор айылдарынын аймактарында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, рейддин жүрүшүндө Орто-Өрүктү жана Кичи-Өрүктү айылдарынан 700 метр эски синтетикалык тор жана 20 кг

Ишкер Media
"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

Жогорку Кеңеште салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр боюнча коомдук талкуу өттү. Анда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков базарлардагы салык реформасынын жыйынтыгына токтолду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Анын айтымында, салык чогултуу милдети базар администрацияларына жүктөлгөндөн кийин "Дордой" базарында түшүүлөр кескин көбөйгөн. "Администрация жоопкерчиликти алганга чейин салыктык

Ишкер Media