Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 11 айда 127,6 млн сомдон ашык компенсация төлөдү

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 11 айда 127,6 млн сомдон ашык компенсация төлөдү

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жарандарга 2025-жылдын 11 айында жалпы 127,6 млн сомдон ашуун компенсация төлөп берди. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча төлөмдөргө токтолсок, жалпы 236 учур катталып, төлөнгөн сумма 30 млн 561 миң 946 сомду түздү. Анын ичинен өрт кырсыгына 145 үй кабылып, төлөм 27 млн 580 миң 319 сом болгон.

Салыштыруу үчүн 2024-жыл ичинде жалпы компенсация 69 млн 554 миң 964 сомду түзгөн. Демек, бир жыл аралыгында төлөмдүн көлөмү дээрлик эки эсеге өсүп, уюм 2025-жылы ири өсүшкө жетишти.

ОСАГО боюнча 2025-жылдын 11 айына карата жол кырсыгына кабылган учурлардын саны 758ге жетип, жалпы төлөм 71 млн 838 миң 635,48 сом болду.

Бул көрсөткүчтөр мамлекеттик камсыздандыруу системасы адамдардын коопсуздугун чыңдоодо маанилүү экендигин көрсөтөт. Камсыздандыруу күтүүсүз кырсыктардан кийинки чыгымдарды азайтып, экономикалык туруктуулукту сактоого жардам берет.

Мындан тышкары окуңуз

Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

Төө ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады

13-октябрга караган түнү Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу жолдорго өз убагында кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлдү. Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу ашуулардын айрым тилкелеринде жол кыймылы жайлап, айдоочулардын унааларын жайкы дөңгөлөктөр менен башкаруусунан улам ашууларда майда тыгындар жаралды. "Айдоочулардан

Ишкер Media
6 жылдын ичинде бажы төлөмдөрүнүн түшүүлөрү болжол менен 7,4 эсе өстү

6 жылдын ичинде бажы төлөмдөрүнүн түшүүлөрү болжол менен 7,4 эсе өстү

6 жылдын ичинде бажы төлөмдөрүнүн түшүүлөрү болжол менен 7,4 эсе өстү - 2020-жылы 21,3 млрд сомдон, 2025-жылдын жыйынтыгы менен 158 млрд сомду түздү. Ал эми ушул жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен 138, 9 млрд сом чогултулду. Бул бажылык администрациялоону модернизациялоонун негизги натыйжаларынын бири гана. Мындай билдирүүнү Бажы

Ишкер Media
Ысык-Көлдөн 2 миң метр эски тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 2 миң метр эски тор чыгарылды

Ысык-Көлдүн акваториясын тазалоо боюнча кезектеги рейд өттү. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл башкармалыгы Орто-Өрүктү, Кичи-Өрүктү жана Дархан-Тосор айылдарынын аймактарында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, рейддин жүрүшүндө Орто-Өрүктү жана Кичи-Өрүктү айылдарынан 700 метр эски синтетикалык тор жана 20 кг

Ишкер Media
"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

"Дордойдо" салыктык түшүүлөр 1,5 млрд сомго жетти

Жогорку Кеңеште салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр боюнча коомдук талкуу өттү. Анда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков базарлардагы салык реформасынын жыйынтыгына токтолду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Анын айтымында, салык чогултуу милдети базар администрацияларына жүктөлгөндөн кийин "Дордой" базарында түшүүлөр кескин көбөйгөн. "Администрация жоопкерчиликти алганга чейин салыктык

Ишкер Media