Компаньондун 20 жылдыгына карата «Бактылуу 20» акциясы!

Компаньондун 20 жылдыгына карата «Бактылуу 20» акциясы!

«Компаньондун» 20-жылдык мааракесин чогуу белгилейли! Компаньон Банкы 2024-жылдын 15-апрелинен 15-октябрына чейин созула турган «Бактылуу 20» юбилейдик акциясын баштайт! Акцияга катышуу үчүн сиз жөн гана Компаньон Банкынын Visa картасы менен соода жана тейлөө мекемелеринде же интернетте төлөмдөрдү жасашыңыз керек жана 100 000 сомго чейинки акчалай байгелер сиздики боло алат!

Акциянын бүткүл мезгилинде банк төлөмдүн көлөмү (суммасы) боюнча жогорку активдүүлүк көрсөткөн 140 катышуучуну сыйлайт.

Акция 6 аралык этапта өтөт жана финал менен аяктайт:

  • 1-этап: 2024-жылдын 15-апрелинен 15-майына чейин; 
  • 2-этап: 2024-жылдын  16-майынан 15-июнуна чейин; 
  • 3 - этап: 2024-жылдын 16-июнунан 15-июлуна чейин; 
  • 4 - этап: 2024-жылдын 16-июлунан 15-августуна чейин; 
  • 5 - этап: 2024-жылдын 16-августунан 15-сентябрна 2024 года; 
  • 6 этап: 2024-жылдын 16-сентябрынан 15-октябрына чейин;
  • Финалдык этап: 2024-жылдын 15-апрелинен 15-октябрына чейин.

Ар бир аралык этаптын жыйынтыгы боюнча 20 жеңүүчү аныкталат, алар 20 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктарды алышат.

Ациянын бүткүл мезгилинин жыйынтыгы боюнча 20 финалист аныкталып, алардын ар бири 100 000 сомдон алат.

Акцияга кошулуңуз жана "Бактылуу 20" акциясынын жеңүүчүлөрүнүн бири болуңуз.

Сиздин Компаньон. 20 жыл бою ишенимдүү өнөктөшүңүз!

Акциянын толук шарттары менен Банктын расмий сайтынан www.kompanion.kg же Кардарларды колдоо кызматында 88 00 (Кыргыз Республикасынын мобилдик операторлорунун чалуулары акысыз)

Мындан тышкары окуңуз

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Букада аким 8 айылдын тургундары менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Ала-Бука районунун акими Темирболот Абыкеев айылдардын тургундары менен жеке жолугуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аймактын мамлекеттик админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди. Көчмө кабыл алууда аким Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Баймак, Келте, Кашкалак, Кажар жана Моло-Таш айылдарынын тургундарынын кайрылууларын укту. Мындан тышкары, Моло-Таш айылындагы таза

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда ит сейилдетүүчү атайын жайлар түзүлөт

Бишкектеги сейил бактарда жана скверлерде үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды уюштуруу каралат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Шаар мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө жүрүп жаткан реконструкциялоо иштери менен таанышты. Текшерүү учурунда мэр сейил бактарды жана скверлерди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

Эсептөө палатасы бюджеттеги кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштарды берди

2025-жылдагы республикалык казынанын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди. Анализде бюджеттик тартипти чыңдоо, каржылык отчеттуулукту жакшыртуу жана санариптик тутумдарды толук киргизүү зарылдыгы белгиленди. Анын ичинде борборлоштурулган бухгалтердик эсептин автоматташтырылган маалыматтык тутумуна мекемелердин 71%га гана өткөнү көрсөтүлдү. Тоо-кен тармагындагы салык

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык башталды

Лебединовка ГЭСин реконструкциялоого даярдык көрүлүп, станцияда адистер жана жумушчулар үчүн убактылуу шаарча курула баштады. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтан билдиришти. Курулуш иштерин башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation (CHMC) компаниясы жүргүзүүдө. Убактылуу шаарчанын курулушу ГЭСте негизги курулуш-монтаждоо жана реконструкциялоо иштерин баштоого даярдыктын биринчи этабы болуп саналат.