Бишкек-Ош жолундагы рейдде 4 унаага айып пул салынды

Бишкек-Ош жолундагы рейдде  4 унаага айып пул салынды

Ноокен районунун Кыпчак-Талаа айылынын аймагындагы Бишкек-Ош автожолунда унаалардан бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмү текшерилди. Бул тууралуу маалыматты Жаратылыш министрлиги таратты.

Рейддик иш-чара Жаратылыш министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте өткөрдү.

Маалыматка ылайык, анын жүрүшүндө жалпы 14 автоунаа токтотулуп, алардын атмосферага бөлүп чыгарган зыяндуу газдары дымомердин жардамы менен текшерилди.

Жыйынтыгында төрт автоунаадан чыккан зыяндуу заттардын көрсөткүчү белгиленген ченемден ашканы аныкталды. Аталган фактылар боюнча укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык төрт протокол түзүлүп, жалпы 30 миң сом айып пул салынды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин республика боюнча автотранспорт каражаттарынын техникалык абалына жана атмосферага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмүнө көзөмөл жүргүзүлгөн.
Анын жыйынтыгында 488 укук бузуу фактысы катталып, жалпы суммасы 8 млн 172 миң 500 сомду түзгөн айып пулдар салынган.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Мамлекеттик карыздын ИДӨгө карата көлөмү төмөндөдү

Мамлекеттик казынанын кирешеси жана чыгашасы ачыкталды

Ошто көчөт өстүрүү боюнча заманбап лаборатория курулат

Кыргызстан экономикалык өсүү боюнча былтыр 4түккө кирди

Булгаарыдан буюмдарды, сувенирлерди жасаган нарындык ишкер менен маек