Мамлекеттик карыздын ИДӨгө карата көлөмү төмөндөдү
Мамлекеттик карыздын ички дүң өндүмгө карата көлөмү акыркы 6 жыл аралыгында төмөндөгөнүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик карыздын ИДӨгө карата көлөмү 2020-жылы 63,6% болсо, быйылкы жылдын сентябрь айына карата 38,5%ды түзгөн. Ал эми бул көрсөткүч 2021-жылы 55,8%дык, 2022-жылы 46,9%дык, 2023-жылы 42%дык, 2024-жылы 36,2%дык жана былтыр 39,5%дык чектерде болгон.
"2030-жылга чейин муну азыркы деңгээлден ашырбай кармоону көздөп жатабыз", - деди өкмөт башчы.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу