Кыргызстан экономикалык өсүү боюнча былтыр 4түккө кирди

Кыргызстан экономикалык өсүү боюнча былтыр 4түккө кирди

Былтыр Кыргызстан экономикалык өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы 4 өлкөнүн катарына кирди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы мындай жыйытыкты Эл аралык валюта фонду чыгарганын белгиледи. Касымалиевдин айтымында, былтыр ички дүң өндүмдүн көлөмү дээрлик 2 трлн сомду түзсө, быйыл жыл аягында ИДӨ 2 трлн 353 млрд сомго жетери күтүлүүдө.

"Былтыр ИДӨнүн калктын жан башына болгон көрсөткүчү 3080 долларды түздү. Жыл аягында бул көрсөткүс 3600 долларга жетер деп болжолдоп жатабыз", - деди ал.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Нарындык ишкер жигит: "Кореядан жумушум боюнча тажрыйба алмашып келдим" (маек)

10 айда 5,3 млрд сомдук баалуу кагаздар сатылганы айтылды

20-ноябрда Селекция айылында суу убактылуу өчүрүлөт

"Ак шумкарлар" Вьетнамды 2:1 эсебинде жеңди

АКШдагы банктардын ишинде үзгүлтүк катталды: КРУБ КРда банк системасы туруктуу иштеп жатканын билдирди